Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сириядан 99 кишиден турган топту эвакуация кылды, алардын арасында сириялык жолдошу жана эки баласы бар Ольга Ладанова аттуу Кыргызстандын жараны да болгон.
Ладанованын үй-бүлөсүнүн үйү бомба жарылганда урап калган — Сирияда дэээрлик эки жылдан бери президент Башар аль-Ассад менен көтөрүшчүлөрдүн ортосунда согуш жүрүп жатат.
Кыргызстандыктын эвакуациялангандыгы тууралуу маалыматты тараткан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ал кайсы шаарда жашагандыгын так билдирген жок.
Ладанова 19-февралдан 20-февралга караган түнү жолдошу жана эки баласы менен бирге Орусиянын ӨКМинин учагы менен Москвадагы «Домодедов» аэропортуна жеткирилген.
Үй-бүлө Кыргызстандын элчилигинин мейман үйүндө бир түн өткөрүшүп, 20-февраль күнү эртең менен «Шереметьев» аэропортунан Москва-Бишкек каттамы аркылуу учуп келишти.
«Алардын [Ладанованын үй-бүлөсүнүн] жанында жеке документтери менен буюмдары бар болгон», — деп билдирди Кыргызстандын ТИМи.
Орусиянын ӨКМи жалпысынан 20-февралга караган түнү Сириядан 99 кишини эвакуация кылган — негизинен алар Орусиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары.
Бул 70 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кеткен Сириядагы согуш башталгандан бери Орусия менен КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын экинчи жолу чыгарылып кетиши.
Буга чейинки эвакуация январда болгон, анда негизинен сириялыктарга турмушка чыккан 77 Орусия жараны алынып келинген.
Кыргызстандын жарандары массалык башаламандык болуп жаткан өлкөдөн тарыхта бир гана жолу эвакуацияланган — 2011-жылдын башында революция болуп жаткан Египеттен 120дай кыргызстандык алынып келинген.
Анда жарандарын өз алдынча эвакуация кылууга кыргыз бийлигинин каражаты жок болгон, Түркия жардамга келип кыргызстандыктарга учак берген.
Автор: Бектур Искендер