«Жүрөк оорусунан» улам Сабировго карата өкүм чыгаруу кийинкиге жылдырылды

овмрлфв

Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго карата өкүм чыгаруу аны тергөө абагынан соттун имаратына алып келе жатканда кармаган «жүрөк оорусунан» улам кийинкиге жылдырылды.

Орто жолдо кармаган «жүрөк оорусунан» улам Сабиров Бишкек шаардык сотунун имаратына жете алган жок.

Аты-жөнүн айткысы келбеген Сабировдун тууганы Kloop.kgге берген маегинде экс-министр жүрөк оорусу менен жабыркай тургандыгын билдирди.

«Бул жакка алып келе жатканда ал өзүн жаман сезип, абалы начарлап кеткен. Алар Республикалык борборго кайрылышты. Анын жыйынга келбегендигинин себеби бар болушу үчүн алар маалымкат жөнөтүштү», — деди чиновниктин аты-жөнүн билдиргиси келбеген тууганы.

Сот бала асырап алуу уруксатын бере турган лицензия үчүн италиялык компаниядан пара талап кылган деп айыпталып жаткан экс-министрге карата бүгүн өкүм чыгарышы керек болчу.

Өкүм чыгаруу 28-февралга жылдырылды.

Башкы прокуратура Сабировго каршы кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, анын мурунку жардамчысы Тахир Мирзахметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон.

Алгач Мирзахметов параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын билдирген, бирок кийинчерээк көрсөтмөсүн өзгөртүп, Сабировдун эч кандай күнөөсү жоктугун айткан.

Атайын кызматтагылар Сабировду 5-июлда, ал социалдык өнүктүрүү министри болуп турганда кармашкан. Чиновник өз дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

«Мен айыптоонун бир дагы пункту менен макул эмесмин, күнөөм жок. Мен эч кимден пара талап кылган да эмесмин, алган да эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот отурумдарынын биринен кийин.

Автор: Азат Рузиев