Башкы прокуратура Бакиевдерди өткөрүп берүүнү кайрадан талап кылууда

IMG_0064_

Башкы көзөмөлдөөчү орган Белоруссиядан мурунку президент Курманбек Бакиев менен анын бир тууганы Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүнү кайрадан талап кылууда. Аларга карата февралдын ортосунда Бишкек гарнизонунун Аскер соту сырттан өкүм чыгарган.

Башкы прокуратура мурунку президент Курманбек Бакиев менен Мамлекттик күзөт кызматынын мурунку башчысын өткөрүп берүү өтүнүчүн кайрадан жиберүүсүн аларга Бишкек гарнизонунун Аскер сотунан Бакиевдерге карата чыгарылган өкүмдү ишке ашыруу боюнча буйрук келгендиги менен түшүндүрүп жатат.

Сот Курманбек Бакиевди 24 жылга, бир тууганы Жанышты өмүрү өткөнчө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Алар президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан.

Курманбек Бакиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ишинин эки эпизоду боюнча тең күнөөлүү деп табылган. Мурунку президент үй-мүлкүнөн ажыратылып, эки эпизоддун ар бири үчүн 12 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылган. Анын камактагы жалпы мөөнөтү 24 жылды түзгөн.

Жаныш Бакиевди президенттин аппаратынын мурунку жетекчисин, анын айдоочусу Кубат Сулаймановду жана Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурунку директору Сергей Слепченкону уурдап, кыйнап жана өлтүрүүгө күнөлүү деп табышкан.

Ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысын айтылган кылмыштарды аткаруу үчүн уюшкан кылмыштуу топ түзгөн жана каза болгон үй жайсыз адамдардын денелерин мазактоого тиешеси бар деп табышкан.

Комментарий алуу үчүн Белоруссиянын элчилиги жеткиликсиз болууда.

Курманбек жана Жаныш Бакиевдер 2010-жылдагы апрель революциясынан бери издөөдө.

Курманбек Бакиев Белоруссияга качып кетип, ал өлкөнүн жарандыгын алган.

Жакынкы күндөргө чейин президенттин бир тууганынын кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген. 2012-жылдын август айында Жаныш Бакиев да Белоруссияда жүргөндүгү белгилүү болгон.

Бакиевдерди өткөрүп беришпейт

Юрист Кубанычбек Ташбалтаев Бакиевдерге карата өкүм чыгарылганы менен Белоруссия аларды өткөрүп бербейт деп эсептейт.

«Адамга карата айыпталуучу өкүм чыгарылгандан кийин аны өткөрүп берүү маселеси эч качан турбайт», – деди Ташбалтаев.

Юристтин айтымында, өткөрүп берүү маселесин кароодо эң алгачкылардан болуп төмөнкү факторлоргө көңүл бурулат:

  • сот тарабынан кылмыш ишинин объективдүү каралышы;
  • прокуратура тарабынан коюлган айыптардын объективдүүлүгү;
  • өлкөдө адам укуктарынын бузулушунун мүмкүндүгү;
  • Кыргызстандын тигил же бул эл аралык пактка кошулуусу.

«Мамлекет өз мыйзамын эл аралык милдеттенмелерине ылайыкташтырмайынча өткөрүп алуу тууралуу сөз болбойт», – дейт Ташбалтаев.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бир нече жолу Бакиевдерди өткөрүп берүүнү талап кылган, бирок Белоруссия Бакиевдерди өткөрүп берүү сурамын саясий көз караштар менен куугунтуктоо катары баалап, аларды берүүдөн баш тарткан.

Автор: Азат Рузиев