«Фергана.ру» порталынын тосмолонушунун легитимдүүлүгү жөнүндөгү соттун кезектеги жыйынында интернет-таркатуучулар менен Мамлекеттик байланыш агенттигинин ортосунда сайтты тосмолоо тууралуу көрсөтмөнүн милдеттүү же сунуштама мүнөзгө ээ болгондугу тууралуу талаш жаралды.
Соттун жүрүшүндө интернет таркатуучулардын жактоочулары 2012-жылдын февралында «Фергана.руну» Мамлекеттик байланыш агенттигинин катындагы нускаманы аткарууга милдеттүү катары кабыл алгандыктан тосмологондуктарын билдиришти.
Байланыш агенттиги тескерисинче, алардын жөнөткөн каты сунуш гана болгондугун айтып, ишендирүүгө аракет кылды.
«Бул эч кандай сунуш кат эмес — бул көрсөтмө, тактап айтканда, бизден сайтты тосмолоп, отчет бергиле дешкен», — деп жооп берди интернет таркатуучу «Сайма Телекомдун» жактоочусу.
Аны Кыргызстанга интернет жеткирүү менен алектенген башка компаниялардын өкүлдөрү да колдошту.
«Мында «тосмолоого чара көрүүңүздөрдү өтүнөм» деп так айтылган. Бул жерде көрсөтмө берип жаткандыктары түшүнүктүү», — деди «Билайн» мобилдик операторунун кызматкери.
Парламенттин токтомдоруна негизделген каттагы сунуштамалар милдеттүү мүнөзгө ээ болгондугун Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн кызматкери Светлана Болжурова ырастады.
«Ооба, токтомдун аткарылышы — милдеттүү», — деди ал.
Бирок Мамлекеттик байланыш агенттиги айтканынан кайтпай, алардын «Фергана.руну» тосмолоо жөнүндөгү каты сунуш гана болгондугун билдирди.
«Биз “Сайтты тосмолоо боюнча чара көрүүңүздөрдү өтүнөбү” деп жазганбыз, тактап айтканда, кат сунуш катары жөнөтүлгөн», — деп билдирди Байланыш агенттигинин юристи.
Буга жооп катары интернет таркатуучулардын өкүлдөрү андай болсо маалыматтык сайтты кайрадан ачууну өтүнүштү, бирок буга бийлик өкүлү так жооп бере алган жок.
«Фергана.ру» порталынын кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу Нурбек Токтакунов өкмөт сайтты тосмолоо жөнүндөгү токтомду аткаруу тууралуу түздөн-түз көрсөтмө бербегендигин айтты.
«Бабанов [Өмүрбек Бабанов — ал кездеги Кыргызстандын премьер-министри] аларга өтө амалдуу кат жазган. Ал “Жогорку Кеңештин токтомунун 30 пунктунун аткарылышы жөнүндөгү маселени карап чыккыла” деп жазган, тактап айтканда, ал аны аткаргыла деп көрсөтмө берген эмес, маселенин аткарылышын карап чыккыла деген», — деди Токтакунов.
Жактоочу мыйзамды Мамлекеттик байланыш агенттиги бузган деп айтып жатат. Анткени мекеме сайтты таркатуучуларга көрсөтмө берүү жолу менен эмес, сот аркылуу тосмолошу керек болчу.
«Фергана.рунун» тосмолонушу
Сайтты тосмолоо 2011-жылдын июнунда Кыргызстандын парламентинин депутаттары тарабынан жактырылган.
Депутаттар «улуттар аралык кастыкты тутандырып жатат» деп, 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуу тууралуу сайтта жазылган пикирлерге нааразы болушкан . Анда алар бул чечимин «мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо» менен түшүндүрүшкөн.
«Өлкөдөгү улуттар аралык чыр-чатакты тутандырып жаткандар мындай порталдардын кызматтары менен колдонуп, чындыкка дал келбеген, бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды жайгыштырышы мүмкүн», — деп билдирген анда 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылыш боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов.
Парламенттин чечими өкмөттүн 21-февралда чыгарган - аталган ресурсту өлкөдө колдонууга чектөө коюу жөнүндөгү - токтомунан кийин аткарылган.
Токтомду алгачкылардан болуп өлкөдөгү ири телекоммуникациялык корпорация болуп эсептелген «Кыргызтелеком» аткарып баштаган.
Анда басылманын редакциясы веб-сайтынын Кыргызстандын аймагында тосмолонгондугуна байланыштуу агенттиктин материалдарынын бардыгы алардын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланып тураарын билдирип, окурмандарын тосмолоодон айланып өтүп онлайн каражаттар менен колдонууга чакырган.
Авторлор: Нурмухаммед Атамбаев жана Бейшеналиев Тилек