Өмүркуловго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча добуш берүү үч айдан кийин каралмай болду [14:37де жаңыланды] [+ фото]

2013-03-05_rusdram1

Бишкек шаардык кеңеши шаар мэри Иса Өмүркуловго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча маселе карала турган кезексиз жыйынын өткөрдү. Беш сааттык талкуудан кийин добуш берүүнү кийинкиге калтыруу, ал эми мэрге шаар көйгөйлөрүн чечүү үчүн үч айлык мөөнөт берүү чечими кабыл алынды.

Шаардык кеңештеги 45 орундун 11ин ээлеп турган «Республика» борбордун «бакыбаттулугун камсыздоодо» Өмүркуловдун башкаруусу «катастрофалык» кырдаалга алып келди деп эсептеп, мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү демилгелеп чыкты.

Социал-демократтардын өкүлү болгон мэр Бишкектеги орто мектептердин мугалимдери айлык маяналарын өз учурунда албай калууда, ошондой эле өзүнүн «элементардык милдеттерин» аткара албай жатат деп айыпталууда — бул тууралуу журналисттерге шаардык кеңештеги «Республика» фракциясынын лидери, депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

Өмүркулов болсо жооп катары «Республиканын» демилгесин — саясий иш деп эсептээрин билдирди.

«Азаттыкка» берген маегинде ал Бишкекте көйгөйлөр бар экендигин мойнуна алган, бирок ал борборду башкарып турган убакта андагы жакшы өзгөрүүлөргө - Ош базарынын айланасындагы жолдордун оңдолушуна жана таштандыларды кайра иштетүү заводунун курулушуна көңүл бурууга чакырган.

Хроника:

14:37 Шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган чечимге ылайык, Өмүркулов үч айдын ичинде шаар боюнча кылган иштери боюнча отчет бериши керек, антпесе алар шаар башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүшөт.

14:36 Шаардык кеңештин депутаттары Өмүркуловду бир катар чиновниктерди кызматынан алууга милдеттендире турган токтом кабыл алышты.

14:16 Өмүркулов: «Менин кызматкерлеримдин дарегине карата көп эскертүүлөр берилди. Бирок бул чакырылыш эки ай мурун гана чогулган.

Депутаттардын өтүнүчтөрүнө көңүл коюуу менен мамиле кылыш керек, ал талаптарды ким аткарбаса административдик жоопкерчиликке тартылат.

Мен дарегиме айтылган сөздөрдү сөзсүз көңүлгө алам. Көңүл бургандыгыңыздар үчун рахмат».

14:11 Өмүркулов: «Бүгүн бизге мурас катары калтырып кеткен көйгөйлөр менен күрөшүп жатабыз. Балдарыбыз менен бирге бул жерде жакшы жашашыбыз үчүн шаарды оңдоп, кайрадан курууга аракет кылып жатабыз».

14:09 Өмүркулов: «Көтөрүлгөн маселелер — актуалдуу маселелер. Алар биз үчүн жаңылык эмес.

Айтып коюшум керек, шаарда абал туруктуу: инфраструктура менен коммуникация нормасында, бирок бир катар көйгөйлөр бар.

Баарыңар эле жакшы түшүнүп жатасыңар, шаарда өлкөнүн калкынын үчтөн бир бөлүгү жайгашкан, инфраструктуранын бардык тармагында жүктөлүштөр.

Тартипке салууга аракет кылып жатабыз».

14:04 Сөз Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго берилди.

14:02 Добуш берүү үчүн сессияны дагы жарым саатка узартышты.

14:02 Шаардык кеңештин төрагасы депутаттар бардык маселелер каралып бүткөндөн кийин добуш берүүгө өтө тургандыктарын айтты.

14:00 Мирлан Жээнчороев, «Республика»: Шаарда канча бала бакча жетишпейт?

Бишкектин вице-мэри Айныжамал Усубакунова: 30дай бала бакча.

Жээнчороев, «Республика»: Көк-Жар кичи районунда курулуп бүтө элек бала бакча турат, тирөөчтөрү урап баштаптыр. Бул маселени чечиш керек.

Усубакунова: Биз кийинки жылдын сметасына 22 миллион сомдун айланасындагы каражатты киргиздик.

13:52 Павел Десятников, КСДП: «Биз баарыбыз эле киреше бөлүгү жөнүндө айтып жатабыз, келгиле чыгаша бөлүгү жөнүндө да сүйлөшөлү.

Бульдозер алынган, бирок ага Капиталдык курулуш башкармалыгынын документи жок. Бизге ал мэриянын акчасына алынган эмес деп айтып жатышат. Бирок ал гранттык каражатка сатылып алынган күндө деле аны менен бирге жөнөтүлгөн документтер болушу керек болчу да.

Вице-мэр Красиенко: Документтерди биз дагы алган эмеспиз, бульдозердин баасын да билбейбиз, бирок аны полигондо сынап көргөнбүз.

13:31 Кубанычбек Конгантиев, «Республика»: Кытай тарап жолдорду оңдоп, калыбына келтирүү обеъектилерин өзү аныктайбы?

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Марат Мияров: Бизге каражат бөлүнгөн. Ал акча эки гана көчөгө жетет.

13:21 Бишкек прокуратурасынын прокурору Талантбек Кожонов депутаттар сессияда көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрүнүн болушун эмнеге өтүнгөндүгүн сурады.

Депутаттар залда айтылып жаткандардын бардыгы эске алынып, текшерилиши керек, деп жооп беришти.

13:09 Депутаттар: Мектептердеги тамактануу үчүн азык-түлүк сатып алууга тендер жарыяланып жатат, муну менен мэрия алектенет, бирок эмнегедир азыктардын сапаты мектеп директорлорлорунан суралууда. Эмнеге?

Мэриянын өкүлдөрү: Тамакка азык-түлүк тандоо боюнча комиссиянын курамына мектептердин директорлорун киргизип жатабыз, бардыгын эмес, бирок анда директорлор бар. Ошондуктан алардан сурап жатабыз.

Депутаттар: Ал комиссияда санитардык-эпидемиялык станциянын жумушчулары барбы?

Мэриянын өкүлү: Ооба, бар.

13:04 Депутаттар: Практика жүзүндө кичи райондордо ирригациялык система жок, бак-дарактар куурап жатат. Бул боюнча кандай пикирлериңер бар? Эмнеге дарактарды сугаруу жөнүндө ойлонбой туруп петундарды тигип жатабыз?

Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко: Кичи райондордогу ирригациялык системалардын 67 пайызы тазаланды.

12:54 Бишкек мэри бир аз мурун залдан чыгып кетип келе элек болгондуктан депутаттар аны чакырууну өтүнүп жатышат. Алардын жеке Өмүркуловго бере турган суроолору бар.

12:45 Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов: «Суралып жаткан документтерди алыш үчүн ар апта сайын ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин көтөрүп туруу керек».

12:43 Мэриянын өкүлдөрү депутаттар сураган документтердин бардыгын жөнөтүп жибере тургандыктарын айтышты.

12:38 Талантбек Өмүрбеков, КСДП: «Дарыгерлер жетишпейт. Өткөн жылы миңден ашык дарыгер кеткен, а силер жумуш орундарын кыскартабыз деп жатасыңар».

12:34 Мирлан Жээнчороев, «Республика»: «Талап кылынып жаткан маселелер аткарылбаса кызматтан кетиребиз. Бул каржы жагына тийиштүү».

12:28 Ош базарынын айланасындагы жолдор менен унаа токтотуу орундарынын курулушу жөнүндө отчетту угуп жатышат.

12:18 Депутаттар Бишкек каржы башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Зарлыковдон тамактануу үчүн бардык акча төлөнүп берилген-берилбегендигин сурашты.

Зарлыков бардыгы төлөнгөн деп жооп берди.

«Жок, төлөнгөн эмес. Силерде дайыма эле маалымат жок», — деди депутаттардын бири.

12:14 Депутаттар мектептер менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин канча кызматкери айлык акыларын ала электигин жана ага канча каражат талап кылынаарын сурашты.

Мэриянын өкүлдөрү 20 млн. сом керек деп жооп беришти.

12:11 Мэриянын өкүлү: «Ленин районунда дагы беш миллион калды. Төлөп жатабыз».

12:11 Депутаттар Ленин районунун жашоочуларына айлык акы төлөнгөн-төлөнбөгөндүгү боюнча сурап атышат.

12:09 Депутаттар азыркы учурда айлык төлөө боюнча канча карыз бар экендигине кызыгып жатышат?

Мэрия 15ине чейин бардыгын төлөп берээрин билдирди.

«Бизде акча бар», — дешти муниципалитеттин өкүлдөрү.

12:07 Мэриянын өкүлдөрү учурда муниципалитеттин бардык аппаратында кыскартуудар болуп жаткандыгын, жана аларга 100 киши туш келгендигин айтышты.

12:01 Докенов өкмөттүн токтомунда тендерди Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлүшү көрсөтүлбөгөндүгүн айтты.

11:59 Докенов, «Республика»: Түрк насыясы боюнча жолдорду оңдоп калыбына келтирүү боюнча тендерди ким өткөрдү эле?

Капиталдык курулуш башкармалыгынын төрагасы: Биз.

11:49 Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов шаардын аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн докладчылардын аргументтерине «канааттандыраарлык эмес берген жооптору» үчүн жемелеп жатат.

11:45 Пирматова сүттүн баасы базарга караганда мамлекеттик мекемелерде кымбат экендигин айтты.

11:43 «Республика» партиясынан Асель Пирматова сөз сүйлөп жатат.

11:38 Салиев сүйлөп бүттү.

11:36 Салиев, «Ата Мекен»: «Токтомдордун бардыгы тең сайтка жайгаштырылышы керек. Биз короо комплекси эмеспиз го».

11:34 Салиев, «Ата Мекен»: «Мэриянын штатынын кыскартылышы жөнүндөгү маселени козгогум келип жатат. Менин эсимде мынчалык чоң штат болгон эмес.

Эгер биз мындай штатты кармап тура албасак, аны 20 пайызга кыскартуу керек деп эсептейм».

11:32 Салиев, «Ата Мекен»: «Биздин күчүбуз ачыктуулук менен тазарууда. «Ата-Мекен» фракциясы көпчүлүк коалициясынын жыйынында бул маселени [Бишкектин мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү] толугу менен колдоду.

Өмүркулов парламентаризмдин бул жакта экендигин түшүнбөй жатат. Мэрия тараптан депутаттык сурамдарды толугу менен четке жылдыруу болууда.

Бизге шаардыктар, шайлоочуларыбыз кайрылышат. Биз ал сурамдарды жөндөн жөн эле жибербей элебиз да».

11:28 Сагынов сүйлөп бүттү. Сөз «Ата Мекен» фракциясынын лидери Союзбек Салиевге берилди.

11:25 Сагынов, «Замандаш»: «Жаздын келиши менен саясий абал курчуп жатат. Биз буга көмөктөшкүбүз келбейт».

11:23 Сагынов, «Замандаш»: «Чечим кабыл алуу жагынан шаар бийлиги өз алдынча эмес. Мисалы, жолбун иттер үчүн ит асыроочу жай куруу — бул деген шылдың да.

Нам нужен не косметический, а решительный демонтаж города. Требуется пересмотреть градостроительный комплекс, рассекретить генплан. Наш город отстает от других городов мира на два, а то и на три поколения».

11:20 Сагынов, «Замандаш»: «Бүгүн айтылган сөздөр принципиалдуу жана мында кайдыгер эмес, жакшырууларды каалаган адамдар чогулду. Көптөгөн жылдардан бери көңүл бурулбагандыктан шаардыктардын жашоосунун начарлашына алып келди».

11:16 «Замандаш» партиясынан депутат Таалайбек Сагынов сүйлөп жатат.

11:11 Докенов сөз сүйлөп бүттү.

11:10 Докенов, «Республика»: «Карыз Бишкектин жалпы бюджетинин 19,2 пайызын тузөт. Шаарга 38 жыл төлөөгө туура келет.

Иса Шаршенкулович, кечирип коюңуз, жеке эч нерсе жок. Жакшы кеткенди да билиш керек».

11:05 Докенов, «Республика»: «Бишкек шаардык автотранспорт ишканасынын башчысы пайда алып келбей турган келишим түзүп, акчасын алдын ала төлөп автобустар үчүн дөңгөлөк шиналарын сатып алган.

Болгону 200 шина алынган, калгандары — жок.

Эгер Өмүркуловдун токтобогон насыялык табитин токтотпосок, шаарды дефолт күтүп турат».

10:59 Жээнчороев сөз сүйлөп бүтүп, кезекти партиялашы Эрнис Докеновго берди.

10:54 Жээнчороев, «Республика»: «Биздин жаңы жолдорубуз үч айга жетпей калып жатат, алсак, «Учкун» кичи районундагы жол».

Шаардын жолдорун оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендерлердин бардыгынан тең «Гран Стар» ЖЧКсы жеңип келген. Биздин маалыматтар боюнча, бул компаниянын жеңишине шаардын мэриясы жардамдашып турган.

Копаниянын 2012-жылы жасаган жолдору кийинки айда эле жарабай калган».

10:48 Жээнчороев, «Республика»: «Шаардыктар көптөгөн жылдардан бери башкы план жөнүндө эч нерсе билишпейт. Ал совет мезгилинде жашырындалган, бирок андан бери 20 жыл өттү.

Азыр кайсы гана шаар тургуну болбосун алардын короосундагы оюн аянтчасы менен эмне болуп кетээрин билбейт. Биз билгендей, шаарда жерлер өтө ири суммаларга сатылып жатат.

Биз шаардын башкы планын ачыкка чыгарып, аны сайтка жарыялоону сунуштап жатабыз».

10:44 Жээнчороев, «Республика»: «Коррупция шаардын бардык тамагына, таштанды ташуудан баштап балдар аянтчылырын курууга чейин каптап кеткен».

10:41 «Республика» фракциясынын төрагасы Мирлан Жээнчороев сөз сүйлөп жатат.

10:39 «Республиканын» өкүлдөрүнө сөз берилди. Партиянын атынан эки докладчы чыгат, аларга 20 мүнөттүк убакыт бөлүндү.

10:38 Залга мэр кирди, сессия уланууда.

10:36 Сессия баштала элек, бардыгы Бишкек мэри Иса Өмүркуловду күтүп жатышат.

10:31 Журналисттер менен партия өкүлдөрү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы өтүп жаткан залга киришти.

10:29 Kloop.kgнин кабарчысы Шахида Дүйшееванын айтымында, журналисттер менен кароолдогулардын ортосунда кайым айтышуу болуп жатат.

Партия өкүлдөрү менен журналисттер сессия жабык эшик артында өтүп жатабы-жокпу түшүндүрүп берүүнү талап кылып жатышат. Алар залга эмне үчүн кирүүгө уруксат берилбей жаткандыгын түшүнбөй атышат.

10:17 Бишкек шаардык кеңешинин тагдыр чечүүчү жыйынынан сүрөттөр. Автор: Илья Каримжанов.

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов:

2013-03-05_rusdram1

Депутаттардын биринин блокноту:

2013-03-05_rusdram1

Ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө коомчулуктун укмуштуудай көңүл буруусу:

2013-03-05_rusdram1

Бишкек шаардык кеңешинин жыйындар залында көптөн бери мынчалык көп адам болгон эмес:

2013-03-05_rusdram1

Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко:

2013-03-05_rusdram1

Шаардык кеңештин депутаттары:

2013-03-05_rusdram1

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов:

2013-03-05_rusdram1

10:12 Тыныгууну дагы 15 мүнөткө узартышты.

10:11 Kloop.kgнин кабарчысы Шахида Дүйшеева билдиргендей, депутаттар залга киришти, бирок ЖМК өкүлдөрүнүн кирүүсүнө тыюу салып жатышат. Журналисттер жыйындын жабык эшик артында өтүп жаткандыгына нааразы болуп жатышат.

Кароолдогулар сессия баштала электигин, депутаттар жөн гана кеңешип жаткандыктарын билдиришти.

09:59 Шаардык кеңеште азырынча тыныгуу, Kloop.kgнин редакциясы Бишкек мэринин айланасындагы бул окуя боюнча талдоочулардын пикирлерин угууда.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Өмүркуловдун бүгүн кызматтан кетишин реалдуу деп эсептейт.

«КСДПнын депутаттарынын нааразы болгондору да бар. Ошондуктан, эгер административдик ресурс кийлигишпесе Иса Өмүркулов кызматынан кетиши керек», — деди Казакпаев Kloop.kgге берген маегинде.

Саясатчынын маалыматтары боюнча, борбордун жашоочуларынын «басымдуу бөлүгү» Өмүркуловдун шаар башчысы болуп калтырылышына каршы.

«Өмүркуловдун эң чоң катасы, эч нерсе кылынбай эле. Болгону ошол. Анын колунан келбей жатат. Мүмкүн ал кандайдыр бир саясатчыдыр. Бирок мэр — экономикалык, чарбалык кызмат. Бул жерде албетте, анын мындай жөндөмдүүлүктөрү жок болуп чыкты», — дейт Казакпаев.

09:55 Көпчүлүк коалициясы (КСДП менен «Замандаш») тыныгууга чейин болгондордун бардыгын жыйынтыктап, көңүлдү вице-мэрлер менен башка төмөнкү баскычтагы чиновниктерге бурдуруу тактикасын тандап алгандай.

«Республика» башында турган оппозиция буга нааразы болуп, Иса Өмүркуловго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин гана кароону талап кылып жатат.

Азырынча шаардык кеңештеги төртүнчү партия болгон «Ата-Мекендин» позициясы түшүнүксүз.

09:50 Шаардык кеңештин төрагасы көпчүлүк коалициянын депутаттарынан башкаларынын бардыгын залдан чыгуусун өтүндү.

09:48 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

09:48 Көпчүлүк коалиция биринчилерден болуп сөздүн «Республика» партиясынын өкүлүнө берилгени жатканына нааразы болуп жатышат.

Депутаттар кеңешип алуу үчүн тыныгуу жарыялоону өтүнүп жатышат.

09:45 «Республика» фракциясынан депутат вице-мэрди баш кылып мэриянын бардык мүчөлөрүн жемелөөнү туура эмес деп эсептейт.

«Бул регламентти бузуу. Кезексиз сессияны бир гана маселени караш үчүн чогултуп жатышат», — деди ал.

09:40 Красиенко алгачкы сөздү «Республика» партиясынын өкүлдөрүнө берүүнү өтүнүп жатат.

09:39 Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко сөз сүйлөп жатат.

09:37 Депутаттар биринчилерден болуп көпчүлүк коалициясынын — «Ата Мекен», КСДП жана «Замандаш» партияларынын өкүлдөрүнө сөз берүү чечимин кабыл алышты.

09:35 КСДП менен бирге Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясын түзгөн«Замандаш-Современник» фракциясы билдирүү таратты — анда коалиция Бишкек мэринин дарегине «кескин сын» менен чыгып жаткандыгы айтылган.

«Депутаттар муниципалитеттин бир катар жетекчилерин кызматынан алуу, ошондой эле конкреттүү аракеттердин пландарын даярдап берүүнү талап кылышты. Көпчүлүк коалициясынын бул талаптары аткарылбаса депутаттар мэрди кетирүүнү көздөйт», — деп жазылган «Замандаштын» кайрылуусунда.

Шаардык кеңеште «Замандаш-Современник» партиясынын алты оруну бар, бирок 21 депутаты бар КСДПга кошкондо ал көпчүлүк коалициянын жарымын түзөт.

09:34 Депутаттар биринчилерден болуп кимге сөз берүү тууралуу чечим кабыл алып жатышат.

09:33 Аманкулов: «Көпчүлүк коалициясы Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечим кабыл алуу укугун сактап, бул маселени бүгүнкү жыйындын күн тартибине коюууну өтүнүүдө».

09:30 Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов сөз сүйлөп жатат.

09:23 Сөз сүйлөө үчүн ар бир докладчыга 15 мүнөттүк убакыт берилет. Жалпысынан 4 киши сөз сүйлөйт.

09:22 Депутаттар сессиянын регламентин кабыл алып жатышат.

09:21 Чогулган депутаттар эсептөө комиссиясынын курамына кимдерди киргизүү боюнча маселени карап жатышат.

09:17 Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы башталды. Ага кеңештин 45 депутатынын 43ү катышып жатат.

Автор: Шахида Дүйшеева