ИИМ жарандык адамдарга чектен ашкан сөздөрдү айткан милиция кызматкерлерин жумуштан алган жок

2013-03-05_rusdram1

Милициянын сержанты Улан Козуевге «сөгүш» жарыяланып, анын шеригине «эскертүү» берилди — алар 2012-жылдын сентябрында көчөдөн токтотулган адамдарга карата чектен ашкан сөздөрдү айтышкан.

Ички иштер министрлигинин алдындагы этика боюнча комиссия 2012-жылдын сентябрында жарандык адамдарга карата чектен ашкан сөздөрдү айткан милициянын сержантынын бирине «сөгүш» жарыялап, экинчисине «эскертүү» берди.

Бул тууралуу ИИМдин Kloop.kgге жиберген катында жазылган.

Өткөн жылдын сентябрында милициянын сержанты Улан Козуев менен анын шериги Бишкектин борборунда койлор маарагандай үн чыгаргандыктары үчүн төрт чет элдик жаранды токтотушкан — анда укук коргоо органдары ал үндөрдү укук коргоо кызматкерлерине карата чыгарылган деп эсептешкен.

Козуев ал жарандык адамдарды «күч сынашып көрүүгө» чакырган. Андан сырткары Козуев шериги менен бирге алардын дарегина чектен ашкан сөздөрдү айтышкан.

Козуев кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бул окуядан жарым жыл өткөндөн кийин жетекчилик тараптан сөгүш алды, ал эми анын шеригине эскертүү берилди.

ИИМдин Жеке курам менен иштөө боюнча башкы башкармалыгы сержанттар «Профессионалдык этика кодексинин» талаптарын бузган деген жыйынтыкка келди, бирок эки милиция кызматкери тең өз жумуш орундарында калышты.

Окуя «Клооптун» кабарчысы Илья Каримджанов тарабынан видеого тартылып алынгандыгынан улам белгилүү болгон.

Козуев окуядан кийин дароо эле ал ишти тарбия берүү максатында кылгандыгын түшүндүрүп берген.

Эскертүү, видеодо адепсиз сөздөр бар:

ИИМдеги «сурамжылоо»

Видео kloop.kg порталына жайгаштырылган күндүн эртеси анын автору, «Клооптун» кабарчысы Илья Каримджановду көрсөтмө берүү үчүн ИИМге чакырышкан. Анда укук коргоо кызматкерлери аны «сурамжылоо» деп атаган.

Каримджановдун министрликке келип кетүүсү үчүн эч кандай расмий чакыруу жөнөтүгөн эмес.

Анда укук коргоо органдары журналистти болжол менен бир сааттай убакыт кармап, анын күбөлүгүнүн аныктыгын текшерип, анын милиция кызматкерлери жөнүндөгү видеону кандай максатта сайтка жайгаштыргандыгына кызыгышкан.

Кабарчы ошондой эле кандайча милиционерлердин сүйлөшүүсүнүн күбөсү болуп калганды тууралуу түшүндүрмө кат жазууга мажбур болгон.

Укук коргоо кызматкерлери «сурамжылоонун» аягында «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн» бул сүйлөшүү тууралуу эч кимге айтпоону өтүнүшкөн.

Автор: Илья Каримджанов