Чакыруу кубогу: Кыргызстан 1-0 Макао

2013-03-05_rusdram1

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия футбол Конфедерациясынын 2014-жылкы кубогунун квалификациялык В тобунун биринчи айлампасында Макаодон келген атаандашынын үстүнөн 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Бишкектин «Дордой» клубунун оюнчусу Дэвид Тетте оюндун биринчи жарым бөлүгүнүн акыркы мүнөттөрүндөгү тобу менен Кыргызстан киргизген жалгыз голдун автору болуп калды.

Ал Мака Кумадан алган топту Хо Ман Файдын даразасына башы менен таамай сүзүп киргизди.

Жеңилгендиктерине карабастан Макао курамасынын дарбазачысы командасын бир нече жолу куткарып, оюндун негизги каармандарынын бири боло алды.

Чеберчилиги жагынан Түштүк-Чыгыш Азиядан келген командадан артыкчылыгы көрүнүп турган Кыргызстан оюндун жүрүшүндө дээрлик толугу менен чабуул жасап турду, бирок көпчүлүк учурларды ишке ашыра алган жок.

В тобунун ээлери оюндун 3-мүнөтүндө эле - Даврон Аскаров, Ильдар Амиров жана Мирлан Мурзаевдердин соккулары менен чабуулдарын баштады.

Мурзаев Макао курамасынын дарбазасынын жанындагы көптөгөн кооптуу учурлардын автору болду.

Оюндун 26-мүнөтүндө ал тепкен топ дарбаза мамысынан алыс эмес жерден өтүп кетти.

Макао курамасынын сейрек чабуулдары офсайд абалы менен аяктап жатты — Павел Матяштын дарбазасынын жанында айып соккуларынан кийин гана чыныгы кооптуу учурлар пайда болду, бирок кыргызстандык дарбазачы кынтыксыз аракет кылып жатты.

Экинчи жарым бөлүктө оюн талаасына Каюмжан Шарипов чыгып, сол тараптан бир нече жолу чабуул уюштурду, бирок чабулчуулар анын берген топторун голго айландыра алышкан жок.

Оюндан кийинки маалымат жыйында Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков беттештин жыйынтыгына канааттангандыгын, бирок футболчулардын оюнуна нааразы экенин айтты.

«Оюндун биринчи бөлүгүнүн 15-мүнөтүнөн кийин команда атаандашынын дарбазасына жасаган чабуулдарын жана кысмакка алуусун токтотуп койду. Биз көп эле жолу азиялык башка командалар менен болгон беттештерде мындан көп топ киргизгенбиз», — деди Дворянков.

Макао курама командасынын машыктыруучусу Леанг Суй Винг анын оюнчулары колунан келген бардык аракеттерди жасагандыктарын айтты.

«Оюн биздин пайдабызга жыйынтыкталбагандыгы үчүн көңүлүбүз чөгүнкү. Бирок биз алыбыздын жетишинче аракет кылдык», — деди ал журналисттерге.

Кыргызстан упайы боюнча В тобундагы негизги атаандашы болгон Тажикстан менен теңелип, өзү үчүн эң маанилүү болуп эсептелген жеңишке жетишти. Тажикстан курама командасы буга чейин Пакистан курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде уткан.

19-мартта боло турган кийинки айлампада Тажикстан Макао менен, Кыргызстан — Пакистан менен ойнойт.

Бардык төрт курама команда тең B тобунда, Азиянын төмөнкү рейтингдеги командаларынын ортосунда өткөрүлө турган АФКнын 2014-жылкы Чакыруу кубогунунун финалдык бөлүгүнө өтүү үчүн ат салышып жатышат. Ал мелдештин жеңүүчүсү Азиянын 2015-жылкы биринчилигине баруу укугуна ээ болот.

Авторлор: Бектур Искендер, Шерзод Бабакулов, Бейшеналиев Тилек жана Гүлжан Турдубаева