2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал боюнча иштердин бири кайрадан каралат

obduтелекомn

Кыргызстандын Жогорку соту буга чейин акталган Шамшидин Ниязалиевдин ишин кайрадан кароо үчүн экинчи инстанциядагы сотко жөнөттү. Жактоочу тарап анын күнөөсү жоктугун билдирүүдө, жабырлануучулар болсо Ниязалиев Жалал-Абадда болгон 2010-жылдын июнундагы жаңжалда кыргыздарды атууга буйрук берип турган деп айтып жатышат.

Ниязалиевдин иши буга чейин аны актоо өкүмүн чыгарган Жалал-Абад облустук сотуна кайрадан кароо үчүн жөнөтүлдү.

Сот жообуна тартылып жаткан Ниязалиевдин жактоочусу Улугбек Усманов ал жактоого алган адамды актаган судьялар кызматтарынан алынат «болушу керек» деди.

Усманов менен анын кесиптеши Татьяна Томина Ниязалиевдин күнөөсүз экенин билдирип, башаламандыктар болгон күнү ал Ферганада жүргөндүгүн жана ага катыша алмак эмес деп айтып жатышат.

Жактоочулар айткандарынын далили катары сотко Фергананын паспорт столунун маалымкатын көрсөтүштү.

«Андан бери үч жыл өттү. Ошондогу өкүмдөр жабырлануучулардын басымы астында чыгарылган. Азыр көптөгөн күнөөсүз адамдар камакта отурушат», — деди Томина сотто сүйлөп жатып.

Ошондой эле Жогорку сот жабырлануучу тараптын сөздөрүн да укту - алар Жогорку соттон Сузак райондук сотунун Ниязалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн аткарууну өтүнүштү.

Алардын бардыгы тең Ниязалиевдин кыргыздарга ок атуу буйругун берип жаткандыгын көргөнбүз айтып жатышат.

Жабырлануучулардын бири Залкар Камалов 2010-жылдын июнунда жубайы менен апасынан ажырагандыгын билдирди.

Камаловдун айтымында, алардын унаасына ок аткан маалда ал үй-бүлөсү менен Оштон Бишкекке келе жаткан. Жабырлануучу ок атуу буйругун дал Ниязалиев бергендигин көргөн.

Ал Ниязалиев окуя болгон жерге Ферганадан тез эле кайтып келип калган болуш керек же болбосо Өзбекстандан маалымкаттарды жасатып алган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Буга чейин Сузак райондук соту 32 жаштагы орусиялык адам менен өзбек Шамшидин Ниязалиевди «Санпа» пахта заводунун жанындагы «массалык башаламандыкка катышкандыгы, курал алып жүргөндүгү жана 10дон ашык адамды өлтүргөндүктөрү» үчүн өмүр бою эрктеринен ажыраткан. Ал окуянын жыйынтыгында ондогон адамдар каза болгон.

Жалпысынан бул иш боюнча 19 киши соттолгон, алардын 18и өмүр бою эрктеринен ажыратылышкан.

Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту Ниязалиевди массалык башаламандыкка катышууга гана күнөлүү деп таап, жаза катары ага 150 миң сомдук айып төлөө өкүмүн чыгарган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин көп мөөнөткө эркинен ажыратылгандардын негизги бөлүгү өзбек улутундагылар болуп жаткандыгын айтып, Кыргызстандын бийлигин бир нече жолу сынга алышкан.

Автор: Зарема Султанбекова