Театрдагы кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам уюштуруучулар «Жаз-2013» мода жумалыгын жылдырууга мажбур болушту. Кызматтынан кетирилген драмалык театрдын директору иш-чара үчүн керек болгон жабдуулардын бардыгын алып кетип калган.
«Мода жумалыгы» 2-апрелде, Орус драмалык театрда башталган. Иш-чара 3-апрелде да улантылышы керек болчу, бирок театрдын директору Борис Воробьевдун кызматтан алынгандыгынан улам аны башка күнгө жылдырууга туура келди.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Алтынай Исманкулова Kloop.kgге берген маегинде Воробьев кызматтан алынгандан кийин, 2-апрелде театрдын кызматкерлери «иш таштоо» баштагандыктарын айтты.
«Театрдын бардык кызматкерлери, болжол менен 160тай киши иш таштоо баштады. Алар эч нерсе кылбай тургандыктарын айтышты. Биз алардан калып, иш-чаранын үзгүлтүккө учурашына жол бербөөгө көндүрүүгө аракет кылдык», — дейт Исманкулова.
Воробьев кызматтан кеткен күндүн эртеси театрдагы жабдуулардын бардыгын алып кетип калган, бул күнү анда «Мода жумалыгынын» кезектеги коллекциялары көрсөтүлүшү керек болчу.
«Ал [Борис Воробьёв] бизге бүгүн театр иштебей тургандыгын айтып, эскерткен. Бизде мына имарат бар, бирок керектүү жарык берүү жана үн чыгаруу жабдуулар жок», — деп нааразы болду ал.
Иш-чаранын уюштуруучусу «Мода жумалыгы» ЦУМдан алыс эмес жайгащкан «Берен Голд» соода борборунун «Атмосфера» барына көчүрүлгөндүгүн билдирди.
«Эртеңден баштап ишибизди улантабыз. Эртең “Авангард. Жаш балдар модасы” сынак коллекциясы көрсөтүлөт. Алтысында болсо бренд-шоуну чыгарабыз, ал эми гала-көрсөтүүнү сегизине калтырат болушубуз керек», — деп билдирди Исманкулова.
Орус драмалык театрдын мурунку директору Борис Воробьев 2-апрель күнү кечинде кызматынан алынган.
Маданият министрлиги Воробьевдун кызматтан четтетилишинин себептерин айтуудан баш тартууда. Мурунку директордун өзү болсо аны маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаевге «пара» берүүдөн баш тарткандыгы үчүн кетиришти деп эсептейт.
«Алар эгер менин кызмат ордумда калгым келсе алгач 20 миң доллар, андан кийин 5 миң доллардан төлөп турушум керектигин түз эле айтышты. Мен эч кимге пара бербей турганымды айттым», — деп билдирди ал журналисттер менен болгон жолугушуусунда.
Базарбаев мурунку директордун бул айткандарын четке кагып, Воробьев аны акча талап кылган деп айыптоо менен жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракет жасап жаткандыгын билдирди.
Автор: Нурия Рыскулова
Редактор:Шахида Дүйшеева