Ош шаарында төлөм төлөө терминалдары пайда болгонуна 4 жылдан ашты. Анткен менен, кадимки кассаларда кезектин сабы дагы эле узун. Эмне себептен калк терминалдарды жакшылап пайдаланбай келет? Мунун күңгөй-тескейин териштирип көрдүк.
Оштогу электрге төлөм төлөө кассасынын акыркы сабында пенсионер Алмагүл Жумабаева. Бул жолу ал «Энергосбыт» ишканасынан эсеп-чотун тактап чыгып, ошол жердеги эле кассага төлөөнү эп көрүптүр.
«Мурда үймө-үй кыдырып келген контролёрго төлөп, квитанция кырктырып алчумун. Бирок, бир жолу төлөмдүн суммасы адаттагыдан эки эсеге көп келиптир. Себебин билүү үчүн компьютердик базаны көтөртүп, анан билдим. Контролёр менден алып кеткен акчаны кассага киргизбептир. Ошондон кийин өзүм барып кассага төлөөнү чечкем»,- дейт Алмагүл Жумабаева.
Анын айтымында, кассага келип төлөөнүн да түйшүгү бар. Ал жашаган кичи райондон келип-кетүү үчүн жок дегенде бир саат убакыт керек. Ошондой эле, кассада акыйып кезек күтүп да убакыт кетет.
«Электр үчүн төлөмдү биздин кичи райондогу ири дүкөндөгү терминалга төлөөнү үйрөнүп алдым. Убара болбойсуӊ. Канча сом төлөсөң да кызматына 5 сом алат. Убакыт жана жол кире кетирип кассага баргандан арзаныраак түшөт экен”,- дейт пенсионер Жумабаева.
Ошто эми таштанды жана суу үчүн терминалдан төлөө киргизилет
Төлөм системаларынын операторлору ассоциация төрагасы Эрлан Джузупов маалымдагандай, Кыргызстанда 10 чакты терминал тейлөөчү ишкана бар. Терминалдардын жалпы саны 1,5 миңден ашуун.
Ош шаарында ЖЧК «МП», «Мобильник», «Top Noch» компанияларынын өкүлчүлүктөрү жана майда агенттиктер бар. Баш кеңселери Бишкекте. Баары болуп Ошто 100дөй терминал орнотулган.
«Top Noch» компаниясынын Оштогу менеджери Азат Батыровдун айтымында, шаарда терминалдар 2009-жылдан тарта орнотула баштаган. Учурда көрсөтүп жаткан негизги кызматтары: мобилдик байланыштарга бирдик салуу, СМАРТ ТВ жана интертнет кызмат көрсөтүүлөргө, ал эми коммуналдык кызматтардан: электрге жана шаардык телефон байланышына төлөм төлөсө болот.
«Top Noch» Ошто терминалдарын дагы көбөйттүү планы бар. Менеджердин айтымында, канчалык көп кызматтарды кошсо, терминалдардын кызматы жана наркы акталат. Маалыматтар боюнча, 1 терминалды 2,7 миң АКШ долларына сатып алса болот, андан кымбаттары да бар.
“Эми газ, суу, таштанды үчүн да төлөм кабыл алуу кызматтарын кошобуз. Терминалдарды коюп бергиле деп сураган кардарлар да көп”,- дейт Азат Батыров.
Коммуналдык кызматтардан Ошто “Ошэлектр” ишканасы төлөмдөрдү терминал аркылуу төлөө ыкмасын эң алгачкылардан болуп 2011-жылы ишке салган. “ЕРАҮ” жана “Энергоком” компаниялары менен келишимдер түзүлгөн. Ал эми Бишкек шаарында болсо бардык коммуналдык кызматтар (газ, суу, лифт, таштанды, жылуулук) үчүн төлөмдөрдү терминал аркылуу жүргүзсө болот.
“Ошэлектрдин” басма сөз кызматы маалымдагандай, 2012-жылы Ош шаары, Ош жана Баткен облустарынан 164 млн сомдук төлөм терминал аркылуу жүргүзүлгөн. Бул болсо, жылдык жалпы төлөмдүн 12%ын түзөт.
“Дем алыш жана күн-түн дебей электрге терминал аркылуу төлөөгө болот. О.э. счет-маалымдама жок болсо да, алдын ала төлөм жүргүзүүгө мүмкүн. Төлөм үч мүнөт аралыгында РЭСтин маалымат базасына түшөт”,- дейт “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Талгат Алиханов.
Оштогу башка коммуналдык кызматтар да акы төлөөнүн электрондук системасын ишке салуу аракетинде.
“Ош Тазалык” муниципалдык ишкана жетекчиси Шайлообек Атазовдун айтымында, сентябрь айына чейин электрондук төлөмдү киргизүүнүн планы иштелип жатат. Ал эми “Ошсууканал” муниципалдык ишканасы “ЕРАҮ” компаниясы менен келишим түзүп койгон. Учурда дагы башка компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Ошсууканал” башчысынын орун басары Талант Байкишиев маалымдагандай, быйыл июль айынан сууга төлөмдү терминалдар аркылуу жүргүзүүгө мүмкүн болуп калат.
Жакындан тарта почта түйүндөрүндө да терминалдар орнотулууда. Оштогу «Кыргыз почтасынын» оператору Мухтар Акимбековдун айтымында, жакында шаардагы 2 жана райондордогу почта түйүндөрүнө терминалдар жеткирилген, бирок, ишке салына элек.
Квитанцияң кана, терминал?
Анткен менен, кээде терминал айрым бир операцияларды толук аткарбай, пайдалануучуларды ыңгайсызданткан учурлар да кездешет экен. Пенсионер Алмагүл Жумабаева төлөм дүмүрчөгүн күтүп, убараланганын мисал келтирди.
“Супермаркеттеги терминалга электр үчүн төлөп, квитанцияны күтсөм, чыкпады. Кыйла күттүм. Базага кирбей калса, дагы төлөймбү деп кыжалат болдум. Бирок, эсепке түшүптүр»,- дейт пенсионер.
Мындай жагдайлар болуп каларын терминал тейлөөчүлөр деле моюнга алат.
«Top Noch» компаниясынын Оштогу филиал менеджери Азат Батыров маалымдагандай, техникалык себептерден улам айрым учурда квитанция чыкпай калат. Мүмкүн квитанция кагазы түгөнүп, же терминал бузулуп калган учурда.
“Эгер, төлөм эсепке түшпөй калдыбы деп кабатырланса, бизге чалып сурап-билсе болот. Квитанцияда жана терминалдын өзүндө сурап-билүү номурлары бар”,- дейт Азат Батыров.
Терминал “тааныш-билишти” билбейт
Ош шаарында төлөм боюнча көйгөй көп болгон жайлар ЗАГС, статистика башкармалыгы жана салык кызматында.
Жеке ишкер Айбек Касымов патентти кийинки айга узартуу үчүн касса алдында түшкө чейин кезек күтүп, убактысы корогонун айтат:
“Ош шаардык салык кызматында бир гана касса бар. Төлөм төлөөчүлөрдүн баары ошол жерде. Тейлегени бирөө, кезекте жок эле дегенде 15-20 адам. Ушундан көрө 2-3 терминал коюп койсо, кезерип кезек күтпөй, жумушубуз шыр бүтмөк. Негизи, терминалды пайдалануу кыйын деле эмес. Тамга таанып, окуй ала турган адам оңой эле колдоно алат”,- дейт Ош шаарынын тургуну А.Касымов.
Адам укуктары боюнча серепчи Юруслан Истанов төлөм жүргүзүлө турган ишканаларга терминалдарды орнотуу зарылдыгын белгилейт:
«Кезек болгон жерде укук бузуу жана коррупция орун алат. Ишканаларда кассага кезекте тургандар убактысын үнөмдөө үчүн көбүнчө “тыйын” берип, тез бүтүрүп кетүү айласын кылышат. Ошон үчүн төлөм жүргүзүлгөн ишканаларга бир нече терминалдарды орнотуу зарыл”,- дейт Ю.Истанов.
Ал эми борбор калаа Бишкекте патент жана айрым салык төлөмдөрүн терминал аркылуу төлөө ыкмасы ишке ашырылып жатканын Төлөм системаларынын операторлору ассоциация төрагасы Эрлан Джузупов маалымдады.
“Былтыртан тарта QIWI компаниясынын программасы менен Залкар банк аркылуу патент үчүн терминалга төлөө долбоору ишке салынды. Салык кызматы менен биргеликте Бишкектеги Орто-Сай базарында 6 терминал орнотулду. Соодагерлер патентти узартуу үчүн алыска барбай, терминалга төлөп, квитанцияны тиркеп коёт. Дордой базарында да ушундай. Ишкер салыкчы менен контактта болбойт, убактысы да үнөмдөлөт. Эӊ башкысы – маалымат дароо электрондук базага түшөт”,- дейт Эрлан Джузупов.
Терминалдар аймактарга жылат
Өлкөдө төлөм жүргүзүүчү терминалдардын ишке салынганына 7 жыл болду. Ошто 4 жыл. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн баары тең терминалга киргизилсе, шылуундук кылган контролёрдон, чубалган кезектен кутулса болчудай. Убакыт да бекерге коротулбайт.
Джузуповдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда төлөм системалар рыногунун айлык акча айланмасы 1,2 млрд сомду түзөт. Анын пикиринде, жакынкы жылдары пластикалык карта, интернет банкинг жана электрондук капчык менен төлөм төлөө ыкмалары кеңири жайылтылып, терминалдар аймактарга жылдырылат.
(Төлөм терминалы — физикалык тараптардын өзүн-өзү тейлөө менен төлөм жүргүзүүнү камсыздаган аппараттык-программалык комплекс)
Сиз төлөм жүргүзүүчү терминалдардын кызматынан пайдаланасызбы? Ыңгайлуулугу же, ыңгайсыздыгы тууралуу пикир бөлүшүң.