Гранатанын жарылуусунан манжалары үзүлүп кеткен милиция кызматкери каза болду

Snimok-e-krana-ot-2013-04-08-101437

Көчөдөн табылган гранатанын жарылуусунан манжалары үзүлүп кеткен милициянын майору Шамиль Усубалиев жекшемби күнү каза болду. ИИМ анын үй-бүлөсүнө акчалай компенсация төлө берүүнү убадалап жатат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Усубалиевдин 7-апрель күнү эртең менен каза болгондугун Kloop.kgге ырастады.

«Анын денеси зыянга учураган да, анан анын ички органдары иштебей калган» — деди Сейитов.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде азырынча мекеме каза болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө бөлүнүп бериле турган каражаттын көлөмүн аныктай электигин билдирди.

«Сөзсүз түрдө төлөнөт, бирок азырынча суммасы белгисиз», — дейт Осмонбаев.

Усубалиев ичинде белгисиз нерсеси бар баштыктагы оромду 30-мартта таап алып, Бишкектин батышындагы «Ак-Өргө» конушунда жайгашкан шаардык милиция бөлүмүнүн имаратын көздөй жөнөгөн.

Баштыктагы ором милициянын офицери шаардык милиция бөлүмүнүн имаратына кирип бара жатканда жарылып кеткен — жарылуудан улам Усубалиевдин сол колунун манжалары үзүлүп кеткен жана бети күйүп калган.

Окуядан кийин милиция кызматкери реанимациялык бөлүмгө жаткырылган жана абалы «оор» деп бааланып аткан.

Тергөөнүн болжолдуу версиясы боюнча, ал оромдо үн тундуруучу граната болгон. Бирок азырынча анын ичинде эмне болгондугу так белгисиз, ИИМ экспертиза жүргүзүп жатат.

Милиция борбордун четиндеги конушка гранатасы бар баштыкты ким таштап кетиши мүмкүндүгү тууралуу версиясын билдирүүдөн баш тартып жатат.

Автор: Нуржамал Жаныбекова