Бишкек-Ош унаа жолундагы кичи автобус менен мунай ташып бара жаткан унаанын кагылышуусунан төрт адам каза болуп, 15 киши ооруканага жаткырылды. Ооруканадагылардын беши оор жана өтө оор абалдарында реанимацияда жатышат.
Унаа кырсыгы 16-апрель күнү, Чүй облусунун Москва районундагы Садовой айылында болгон — «Мерседес-Бенц» кичи автобусу менен чиркемеси бар жүк унаасынын капталдап кагылышуусунун жыйынтыгында төрт адам каза болду.
Аман калган жүргүнчүлөрдүн бардыгы тең Москва районундагы аймактык ооруканага жеткирилишти.
«Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсык унаалардын биринин жол кыймылынын утурлама тилкесине чыккандыгынан улам келип чыккан», — деп жазылган Ички иштер министрлигинин сайтында.
Милиция каза болгондордун биринин гана аты-жөнүн, ким экендигин аныктай алды — ал Бишкек шаарынын тургуну Салима Нурмиева болуп чыкты, калган үч адамдын өздүктөрү аныкталбаган бойдон калууда.
«Каза болгон дагы үчөөнүн ким экендиктери аныкталып жатат: алар азиат расасындагы 30-35 жаштардагы эркек, сырткы көрүнүшү европалыктарга окшогон 35-40 жаштардагы аял жана 30-35 жаштардагы азиат киши», — деп билдирди ИИМ.
Эки айдоочу тең аман калган, кичи автобустун айдоочусу ооруканада кайтарууда жатат, деп жазылган ИИМдин сайтында.
Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө бөлүмү «жол эрежесин бузуу жана транспорт каражатын эксплуатациялоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Соттук медициналык жана автотехникалык экспертизалар белгиленди.
Москва райондук аймактык ооруканасынын директору Кенже Жамбурчиева Kloop.kgге берген маегинде учурда реанимацияда беш киши жаткандыгын билдирип, алардын экөөсүнүн абалын «өтө оор» жана үчөөсүнүкүн «оор» деп баалады.
Ооруканага алынып келингендердин бири кечээ, 16-апрелде эле чыгып кеткен, Бишкектин эки жашоочусу андан ары дарылануу үчүн борборго кетишти, деди Жамбурчиева.
Дарыгер жараат алган жүргүнчүлөрдүн калганы травматология бөлүмүндө жаткандыктарын кошумчалады.
Автор: Зарема Султанбекова