Куршаб айылындагы базарда карыздын суммасын сатуучулар эсептеп чыгышкандан кийин маалым болгон. Бирок сатуучулар өздөрү дагы товарларды дүңдөп саткандардан карызга алышат. Экспрерттер бул маселе боюнча ар түрдүү пикирде.
Азыркы мезгилде Куршаб базарында эки жүзгө жакын сатуучу иштейт. Кардары эң көп Разия Такырова 10 жылдан бери эмгектенет. Алардын ичинен карызга товар алып кеткендери көп эле кезигет. Алар үчүн атайын дептери ачылган. Такырованын айтымында, карызга көбүнчө тааныштары алышат.
«Туугандар, коңшулар келип сураса берип турбасаң, кийин ал сенин кардарың болбой калат. Ошондуктан биз да аргасыздан жазып беребиз»,-деп айтат Такырова
«Алардын ичинен акчасын кайтарып берээрде созуктуруп жибергендери бар. Карызга жаздырып кеткенден кийин, акчасын кайтарып бергендер да ар кыл болот. Кээ бири акчасы болгондо дароо алып келип берсе, кээси артынан доолатып жүрүп араң берет», – дейт базарда соода кылган Гүлпери Абжалова.
Эсептөөлөр боюнча, элдин карызга эң көп алган товары той-топурга алынган шириндиктер.
«Шашылыш болуп калганда жеңемен келип алып турам. Тойго барыш керек болот. Күнүмдүк турмушка зарыл болуп калат. Кийин акча болуп калганда берип коем»,- дейт карызга жаздырып жаткан Гүлзат.
Товарды дүңдөп саткан Майрам Кайназарованын айтымында, карызга алып азык-түлүк дүкөндөрдө саткандары да кездешет.
« Дүкөнчүлөргө беребиз, алар тоого, чет жактагы айылдарга алып барып сатышат»,-деди ал өз сөзүндө.
50-100 миң сом карыз бергендери да бар
Сатуучулар акчаларын өндүрүп алуу максатында, бирдиктүү иш жүргүзүп, анын негизинде ким карыз көп берээрин аныктап чыгышкан. Сатуучу Айгүл Алибекованын айтымында, айрымдар 50 миңден 100 миң сомго чейин жазганын аныкташкан.
«Биз баардык отургандардын дептериндеги көрсөтүлгөндөрдү эсептеп чыксак 1,2 млн сомдон ашып кетиптир. Алар өз маалында төлөсө, бизге да жакшы болот эле»,-деп кыжалат болду Алибекова.
Ал эми сатып алуучулардын карызын кыскартуу үчүн, сатуучулар бири карызга бербесе, калганы да бербеши керектигин сүйлөшүшкөн.
«Бизде да башка арга калбады. Качан алар кутулганда гана беришибиз мүмкүн. Ошол үчүн биз кимдин канча карызы бар экендигин текшерип чыктык. Уюлдук телефон аркылуу бири-бирибиз менен байланышып туруп гана анан беришибиз мүмкүн», -деп кошумчалады Алибекова.
Базарда отургандардын да арты таза эмес
Куршаб базарына товарды башка жактан алып келип таркаткан ортомчулардан, сатуучулар өздөрү да карыз алышат. Разия Такырованын ортомчуларга болгон карызы 10 миңге жакын.
«Бизге да товарды алып келип дүңдөп таркаткандар бар. Алардан товарды алып, саткандан кийин, пайдасы өзүбүзгө калат. Акчасын кайтарып беребиз»,- дейт сатуучу Такырова.
Айыл өкмөттүнүн орун басары Шайлообай Муратбаев kloop.kgге берген интервьюсунда, "дыйканчылык бышканда жана малы жайлоодон келгенде эл карызынан кутулат"- деп айтты Муратбаев.
ОсОО «Куршаб» базарынын жетекчиси Курстан Шоовлатов базарда болуп жаткан мындай көрүнүштү билбегендиктен комментарий бере алган жок.
Эксперттердин ой-пикири
Экономист Айылчы Сарыбаев мындай көрүнүштөр башка өнүккөн өлкөлөрдө да кезигээрин билдирди.
«Муну кадимки көрүнүш катары кабыл алсак болот. Өнүккөн өлкөлөрдө ижарага эч нерсе койбостон, банктардан акча алышат, алардай бизде да тааныштардан алып турушу мүмкүн»,-деген ойду билдирди Сарыбаев.
Бирок, анын кесиптеши Жапарбек Ормонов муну "элдин жакырчылыгынан" деп эсептейт.
«Ал жерде бири-бирин тааныгандыктан карыздар уланып кете берген. Мамлекет иш орундары менен камсыз кылбай жаткандыктан ушундай болуп жатат»,- деп сөзүн жыйынтыктады Ормонов.
Редактор: Айзат Шакиева