14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгү: Кыргызстан 1-1 Түркмөнстан

IMG_4986

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы 14 жашка чейинки оюнчулар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндө түркмөнстандык курдаштары менен кез келди. Жыйынтыгында оюн тең чыгуу менен аяктады.

Түркмөн футболчулары беттештин 12-мүнөтүндө – чабуулчусу Роман Галкин өз айып аянтчасынан чыгарылып берилген топту алып, дарбазачы менен жекеме жеке чыгып топту акырын гана дарбазага чулгап оюн эсебин ачты.

Дарбазасына кое берилген топтон кийин Кыргызстан курамасы активдүү аракетин баштап, тогуз мүнөттөн кийин эле жоопту топ киргизүүгө жетишти.

Кыргыз командасынын чабуулчусу Азирет Момошев оң капталдан айып соккусун аткаргандан соң топ түркмөн командасынын дарбазачысынан кайып өтүп кетти, ага биринчилерден болуп ошол эле Момошев жетип таамай сокку узаттуу менен оюн эсебин теңеди.

Биринчи жарым бөлүктүн бүтөөрүнө аз калганда Кыргызстандын алдыга суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү болду.

Рыскелди Артыкбаев оң каптал менен чыгып барып, бирок дарбазанын жакынкы бурчунун төмөнкү жагына таамай тебе албай калды.

Экинчи жарым бөлүктүн башында Түркмөнстандын да мүмкүнчүлүгү болду, бирок Роман Галкиндин чыгарып берүүсүнөн кийинки гол эсептелген жок, анткени чабуулчу оффсайд абалында болчу.

Ошентип, командалар бирден упайга ээ болушту.

Бүгүн ошондой Иран менен Индиянын өспүрүмдөр командалары да беттешишет. Жалпысынын D тобунда беш курама команда бар — бүгүн Пакистандын командасы ойногон жок.

Шри-Ланка курамасы топтун алтынчы катышууусу болушу керек болчу, бирок акыркы көз ирмемдерде мелдештен четтеди.

D тобунун бардык оюндары тең Ирандык Мешхеде шаарында өтүп жатат.

Азия футбол конфедерациясынын эрежеси боюнча, 2014-жылы боло турган Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө сегиз топтун ар биринен бирден команда чыгат.
14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча Азия биринчилиги, квалификация, D тобу:
 

Орун

Команда

О

Ж

Т

Ж

Кт

Кб

У

1-2 Кыргызстан 1 0 1 0 1 1 1
1-2 Түркмөнстан 1 0 1 0 1 1 1
3-5 Индия 0 0 0 0 0 0 0
3-5 Иран 0 0 0 0 0 0 0
3-5 Пакистан 0 0 0 0 0 0 0

О = Оюндар, Ж = Жеңиштери, Т = Тең чыгуулар, Ж = Жеңилүүлөр,  Кт = Киргизген топтору, Кб = Кое берген топтор, У = Упай

Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Олег Матвеев оюндан кийин Kloop.kgге берген маегинде команда «мындан да жакшы ойной алмак», бирок гол киргизүү учурларын ишке ашыруу жагы «аксап жатканын» айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан оюндун биринчи жарым бөлүгүн атаандаштарына караганда активдүү баштап бир нече курч учурларды жарата алды.

«Ошентсе да биз тең чыктык, бул дагы жыйынтык», – деп кошумчалады Матвеев.

Түркмөнстандын өсмүрүмдөр курамасынын жетекчиси Андрей Авезов оюндан кийин эки команда тең «жакшы» ойногондугун белгиледи.

«Биринчи оюн – ар дайым толкундануу. Албетте, жеңсек жакшы болмок, бирок ушул жыйынтыкка деле ыраазы бололу. Мындан аркыларында жакшыраак ойноого аракет кылабыз», – деди Авезов.

Кыргызстандын курамасынын кийинки оюну 24-мартта, Индиянын өспүрүмдөр командасы менен болот.

Автор: Улугбек Акишев