Сот Көлбаев тарабынан «уурдалган» милиция кызматкерлерин суракка алды

fotografiya-111

Биринчи май райондук соту криминал авторитети Камчы Көлбаев тарабынан уурдалган деп айтылып жаткан милиция кызматкерлерин суракка алды. Бирок сот отурумунун бир бөлүгү жабык эшик артында өткөндүктөн журналисттер үчүн алардын көрсөтмөлөрү сыр боюнча калды.

Милиция кызматкерлери Сулайманов, Абдыкеримов жана Каниметовдор Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарым сааттай сурак беришти — Көлбаев алардын уурдаган деп айыпталып жатат.

Маалымат каражаттары жабырлануучулардын сотто эмне жөнүндө сүйлөгөндүктөрүн так биле алышкан жок.

Отурумдун ачык өткөн бөлүгүндө төрт күбө — Нурдин Донбаев, Айбек Мамасеитов, Жаныша Кудайбергенова жана  Улан Чолпонбаевдер сурак беришти.

Алар ишкер Медер Кожахметов, Баткен облусунун мурунку губернатору Арзыбек Бурканов жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Бекбоевдердин Көлбаевден жардам сурап Ысык-Көлгө баргандыктары жөнүндө айтып беришти.

Ушуну менен сот отуруму аяктады, кийинки угууну судья Абдуразак Боромбаев 2-майга белгиледи.

Өткөн жыйында жабырлануучу Бурканов менен Бекбоевдер криминал авторитети Камчы Көлбаевге эч кандай дооматтары жок экенин билдиришкен.

Көлбаев да күнөөлөрүн мойнуна албай эле.

Ага кылмыштуу топ түзүү, баңгизатын сатуу, мыйзамсыз курал сактоо жана адам уурдоо сыяктуу бир нече күнөөлөрү тагылууда.

Авторитет

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштап, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Ал 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Автор: Зарема Султанбекова