Футбол: 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу оюндары Кыргызстанда өтөт

IMG_0082

16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу баскычындагы F тобунун бардык оюндары Кыргызстанда өтөтмындай чечим мелдештин алдындагы чүчүкулак кармоо маалында Азия футбол конфедерациясы тарабынан кабыл алынды.

Кыргызстанга топтогу атаандашы катары Оман, Катар жана Бангладеш курамалары туш болду — алардын бардыгы тең F тобунун оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келишет.

Оюндардын качан болоору так белгисиз, бирок Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясынын маалыматы боюнча, беттештер жылдын аягына чейин болот.

16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча Азия бириничилигинин финалдык бөлүгү эмдиги жылы Таиландда өтөт.

Жалпысынан тандап алуу баскычында төрт же беш командадан турган 10 топ болот. Финалдык бөлүккө топтун бардык жеңүүчүлөрү, ошондой эле экинчи орунга ээ богон беш мыкты курама командалар өтүшөт.

Азырынча Кыргызстандын футбол Федерациясы кыргызстандык өспүрүмдөрдүн топ боюнча атаандаштарына каршы оюндарындагы мүмкүнчүлүктөрүн баалабай эле — федерациянын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, азырынча аларда үч атаандаш тууралуу тең аз гана маалымат бар.

Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн турган курама командасы эч кандай ийгиликтери менен белгилүү эмес — алар Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө бир дагы жолу чыгышкан эмес жана тарыхта бир гана жолу жеңишке жетишкен.

16 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн турган курама алдыдагы атаандаштардын ичинен акыркы он жыл аралыгында Оман командасы менен көбүрөөк ойногон — төрт жолу беттешип кыргыз курмасы төрт жолу тең жеңилүү ызаасын тарткан.

Асеновдун айтымында, аталган биринчиликтин топтук оюндарын Кыргызстанда өткөрүү чечими өлкөнүн Азия футбол конфедерациясынын Чакыруу кубогунун тандап алуу оюндарын ийгиликтүү кабыл алгандыгына байланыштуу болушу мүмкүн.

«Биз ал оюндарды өткөрүү укугуна акыркы жылдары өлкөдө футболдун ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгынан улам ээ болдук», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Азия футбол конфедерациясы үстүбүздөгү жылы континенталдык өспүрүмдөр мелдештеринин тармагын кеңейтти — эгер буга чейин 16 жашка чейинки өспүрүмдөр эң төмөнкү баскычта болушса, эми болсо 14 жашка чейинки футболчулардын ортосунда да чемпионат өткөрүлүп жатат.

Кыргызстан үчүн 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу оюндары 23-апрелде башталды — команда анда Түркмөнстан менен тең чыгып, Индия жана Пакистан курамаларынан жеңилип өз тобунда эң акыркы бара жатат.

Автор: Бектур Искендер