Кыргызстандын футбол боюнча учурдагы чемпиону — Бишкектин «Дордой» клубу — жаңы сезонду аутсайдер болуп эсептелген ФЦ-95 командасын 4:0 эсебинде жеңиши менен баштады.
2013-жылкы сезондун алгачкы беттеши 9-мүнөттө эле оюн эсебинин ачылышына алып келген «Дордойдун» топтоштурулган чабуулдары менен башталды — Мирлан Мурзаев сол капталдан чыгарылып берилген топту алган соң, ФЦ-95тин эки коргоочусун жазгырып өтүп, топту дарбазанын төмөнкү сол бурчуна таамай туштай алды.
Төрт мүнөттөн кийин Азия футбол конфедерациясынын Чакыруу кубогунун башкы каарманы Дэвид Тетте Сергей Калеутиндин эффективдүү чыгарып берүүсүн жакшы иштеп чыгып, команданын артыкчылыгын эки эсеге арттырууга жетишти.
Мындан соң «Дордой» бошоңдой түштү, ал талаадагы толук үстөмдүгүнө карабастан экинчи жарым бөлүктүн аягына чейин гол киргизе алган жок.
Беттештин 76-мүнөтүндө ФЦ-95 командасынын оюнчусу Кубат Орозбеков өз айып аянтчасынан атайылап колу менен ойногондугу үчүн он бир кадамдык айып соккусу белгиленди.
Мурзаев он бир метрлик айып соккусун туура ишке ашырып, эсепти ирилештирди.
Он бир мүнөттөн кийин «Дордойдун» чабуулчусу Топ-лиганын сезондогу биринчи хет-тригин жаратты — Мурзаев оюн талаасынын борбордук бөлүгүнөн чыгарылып берилген топту алгандан кийин коргоочуну алдап өтүп, дарбазачы менен бетме-бет чыгып, дарбазанын сол жаккы төмөнкү бурчуна таамай тепти.
Кыргызстандын топ-лигасынын 2013-жылкы сезонуна сегиз футбол клубу катышат.
Лиганын кийинки эки оюну 4–майда Ошто өтөт – анда жергиликтүү «Алай» клубу нарындык «Ала-Тоону» кабыл алат, а кочкор-аталык «Нефтчи» клубу Канттын «Абдыш-Атасы» менен кез келишет.
Авторлор: Тилек Бейшеналиев, Шерзод Бабакулов жана Нурмухаммед Атамбаев