Билим берүү министрлиги: Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы калат

IMG_0123-e1367476467315

Тиешелүү сандагы өзбек тилдүү окуучулар катталгандыктан быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилиндеги версиясы калтырылат.

Билим берүү министрлиги тестти өзбек тилинде тапшырууну каалагандардын саны бир жарым миңден ашкандыктан Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясын калтыруу чечимин кабыл алды.

Быйылкы республикалык тестирлөөгө катыша турган жалпы бүтүрүүчүлөрдүн үч пайыздан ашыгы тестти өзбек тилинде тапшыргылары келгендигин билдиришкен.

«Алардын [өзбек тилдүү абитуриенттердин] саны бир миңден ашкандыктан Жалпы республикалык тестирлөө өзбек тилинде да өткөрүлөт. Бирок  Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борборунда өзбек тилиндеги тесттер даяр болгондо гана», — деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Керез Жукеева.

Жогорку окуу жайларына өтүү үчүн милдеттүү түрдө тапшырылышы керек болгон Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясынын жоюулуу коркунучу 2013-жылдын январында пайда болгон.

Анда Билим берүү министрлиги тестирлөөнү өткөрө турган  Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борбору менен жаңы келишим түзүп жатып, тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясын киргизбей койгон.

Бирок бир айдан кийин бийликтегилер ал чечимин өзгөртүшүп, эгер тестти өзбек тилинде тапшырууну каалагандардын саны тиешелүү санга жетсе ал версия калтырылаарын билдиришкен.

Республикалык тестирлөөнүн өзү 2013-жылдын 18-мартында өткөрүлөт.

Тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы тесттер башталгандан бери эле бар болчу, бирок Кыргызстанда аны өзбек тилинде өткөрүүнүн муктаждыгы жөнүндөгү талаш-тартыштар 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылышуудан кийин өзгөчө күчөгөн.

2012-жылдын башында бир нече жаштар уюмдары республикалык тестирлөөнүн өзбек тилиндеги версиясын жоюу талабы менен парламент имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Өз кезегинде Кыргызстандын укук коргоо уюмдары ал версияны жоюу өзбек тилдүү окуучулардын укуктарын бузаарын билдиришкен.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда негизги билим берүү тили катары өзбек тили эсептелген жүзгө жакын мектеп бар, бирок бул көрсөткүч жыл сайын кыскарууда, анткени өзбек тилдүү мектептер акырындап кыргыз тилинде билим берүүгө өткөрүлүп жатат.

Автор: Olya M.

Редактор: Бектур Искендер