Бишкек: Кытайдын кассачысынын 7 млн сому тонолду

Alty-nken

Белгисиз үч адам алтын кенин иштетүүчү «Алтынкен» кыргыз-кытай компаниясынын кассачысынан 7 миллион сому бар рюкзакты тартып алышкан. Окуя Бишкектин борборунда болгон, азырынча кылмышкерлер табыла элек.

Карактоо 6-май күнү кечинде, «Алтынкен» компаниясынын кызматкерлеринин жолугушуусу маалында Горький көчөсүндөгү кафелердин биринде болгон, деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Карима Омункулова.

Анын айтымына, белгисиз үч адам алгач тапанча менен полго атып, андан кийин кассачыны тоноп кетишкен.

«Алар аныкталбаган тапанчадан полго бир жолу атышкан, андан кийин бирөөсү акчасы бар спорттук рюкзакты жулуп качкан», — деди Омункулова.

«Алтынкендин» кызматкерлеринин жолугушуусунда кассачыдан сырткары дагы алты киши бар болгон, алардын бардыгы тең Кытайдын жарандары болушкан.

Алар карактоого тоскоол кылууга аракеттенишкен, бирок Омункулованын айтымында, кол салгандар дагы бир жолу ок атышып, белгисиз тарапты көздөй качып кетишкен.

Аты-жөнү айтылбаган кассачы Бишкекке 100 миң АКШ долларлык (4,7 миң сом) компаниянын кызматкерлеринин эмгек акысын алуу үчүн келген.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмыш жасалган жерден болжолдуу түрдө травматикалык тапанчанын бир гильзасы алынган.

«Талоончулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Экспертиза белгиленип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү калк менен болгон чыр-чатактар

«Алтынкен» компаниясы Чүй облусунун Орловка айылында жайгашкан алтын өндүрүүчү заводду иштетет.

Компаниянын акцияларынын 40 пайызы «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасына, калган 60 пайызы Кытайдын «Суперб Пасифик Лтд.» компаниясына тиешелүү.

«Алтынкен» чыр-чатактын борборунда бир нече жолу болгон. 2012-жылдын июлунда Орловка айылы жайгашкан Кемин районунун жашоочулары жергиликтүү тургундардан жумушчу орундарын тартып алган мыйзамсыз иштеп жаткан кытай жумушчуларына каршы митинг өткөрүшкөн.

Анда «Алтынкендин» жетекчилиги мыйзамсыз жумушчу күчүн пайдаланып жаткандыгы тууралуу айтылган билдирүүлөрдү четке кагып, заводдогу жумушчулардын көбү жергиликтүү жашоочулар экенин билдирген.

Үч айдан кийин «Алтынкен» компаниясынын трактору Орловка айылынын жашоочусунун жылкысын сүзүп кеткен соң кытайлык жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан.

Автор: Алексей Ким