Кара-Балта: Мончодогу ысык суу түтүгүнүн жулунуп кетишинен эки бала каза болду

17_big

8-майга караган түнү мончодогу ысык суунун түтүгү жулунуп кетип, төрт кишиден турган үй-бүлө оор күйүктөрү менен Жайыл аймактык ооруканасына жеткирилген. Балдары эсине келбеген бойдон көз жумушту, ата-энелеринин абалдары оор бойдон калууда, деп билдирди милиция.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы үй-бүлө оорукананын реанимациялык бөлүмүнө 7-май күнү кечинде келип түшкөндүктөрүн билдирди. Алардын «бүткүл денелери ысык суу менен бууга күйүп» калган.

Алты жаштагы Анжелика менен анын төрт жашар иниси Байэл эстерине келбеген бойдон каза болушту, деп жазылган ШИИБнин сайтында.

«Балдар дем алуу системалары менен денелеринин жүз пайызы күйүп калгандыктан эстерине келбеген бойдон реанимациялык бөлүмдө каза болушту», — деп жазылган сайтта.

Алардын ата-энелеринин — 38 жаштагы Бакыт менен 28 жаштагы Айнагүлдүн абалдары оор деп бааланып жатат, деп билдирди милиция дарыгерлерге шилтеме жасап.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө тобу окуяга болгон жерге барышкан.

«Үй-бүлө тааныштарынын мончосуна барып, бардыгы тең жуунуп жатышканда ысык суусу бар казандын түтүгү жулунуп кеткендиги аныкталды. Жыйынтыгында, үй-бүлө өз учурунда мончодон чыгууга үлгүрбөй калган», — деп жазылган милициянын сайтында.

Kloop.kg жабыркагандар жеткирилген оорукана менен байланыша алган жок.

Учурда кырсыктын кырдаалдары такталып, тергөө жүрүп жатат.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн булагы: citykr.kg