Бензинге болгон акциздик салыктын жогорулашы июлда күйүүчү майдын кымбатташына алып келет

kanistry-s-benzinom

Мамлекеттик салык кызматы 18-майдан баштап бензинге болгон акциздик бааны эки эсеге жогорулатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы июль айында күйүүчү майдын кымбаттай тургандыгын божомолдоп жатат.

Эми бензинге болгон акциздик салыктын чени тоннасына 2200 сомду түзөт. Мурда ал 1100 сомго барабар болчу, деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев үстүбүзөгү жылдын июль айында бензиндин бир литрине болгон баанын 98 тыйынга кымбатташын божомолдоп жатат.

Акенеев «Акипресс» маалымат агенттигине нефтетрейдерлер жакынкы эки айда запастагы күйүүчү майды пайдаланышаарын жана азырына баалар ошол бойдон эле сакталып тура тургандыгын билдирген.

Апрелде Каржы министрлиги бюджетти толтуруу максатында бензинге болгон акциздик салыктын чендерин жогорулатууну сунуштаган.

«Дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүндө болбосун күйүүчү майдын баасы мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Анткени бензинге болгон баа дээрлик бардык азыктар же кызматтардын өздүк нарктарына кыстарылган», — деп жазылган токтомдун долбоорунун негиздеме маалымкатында.

Өткөн жылдын күзүндө Нефтетрейдерлер ассоциациясы Россияда бензинге болгон баанын жогорулашынан улам күйүүчү майга болгон баалардын көтөрүлө тургандыгын билдирген.

2012-жылдын аягында Кыргызстандын рыногундагы негизги оюнчулардын бири болгон «Газпромнефть Азия» компаниясы Экономика министрлиги менен эпке келип, литрине болгон бааларды 0,1 — 0,2 сомго төмөндөткөн.

Автор: Зарема Султанбекова