Максим Бакиевдин жактоочусу Биринчи май райондук соттунунун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануу арызын жөнөттү. Буга чейин райондук сот мурунку президенттин уулуна карата 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш ишинин материалдары Бишкек шаардык сотуна 14-майда жөнөтүлгөн, деп билдирди Жогорку сот.
26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку президенттин уулуна карата үй-мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу жана 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн сырттан чыгарган.
Максим Бакиев «ТНК Дастан» башкармалыгынын мурунку төрагасы Алексей Елисеев менен көмүскө бүтүмгө келген деп айыпталып жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар ишкананын көзөмөлдөө пакетинин акцияларына «мыйзамсыз» ээлик кылууга аракет кылышкан.
Ошондой эле ал «Түндүк электр» ишканасын сатып, мамлекетке 133 миллион долларлык мүлктүк зыян келтирген деп шектелип жатат.
Башкы прокуратура билдирген Максим Бакиевдин башка кылмыштарынын арасында Ысык-Көл облусундагы жер тилкелери менен алдамчылык кылуу кылмыштары да бар.
2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өлкөнүн Башкы көзөмөлдөөчү органы Максим Бакиевге каршы кылмыш иши козголгон.
2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал «Фарнборо» аэропортуна ижарага алган жеке учагы менен келип конгондо Улуу Британиянын чек ара агенттиги тарабынан кармалган.
Кийинчерээк Максим Бакиев өмүрү үчүн чочулап, өтүнүч каралганга чейин Улуу Британиядан саясий башпаанек сурагандан кийин ага королдуктун аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген
Өткөн жылдын декабрында Лондон полициясы Максим Бакиевди АКШнын өтүнүчү менен кармаган. Ал Кошмо штаттарында каржылык көз боемоочулук кылган деп шектелген, бирок 2013-жылдын май айында ага карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, коюлган күнөөлөрүнүн бардыгы алынган.
Автор: Анастасия Ласкина