25-майды кантип майрамдаш керек?

Poslednij-zvonok[1] (1)

Ош шаардык Билим берүү жана Ички иштер башкармалыктары быйыл калаада акыркы коңгуроого арналган адаттан сырт майрамдоолор болбостугун жарыялады. Буйрукту бузгандарга мыйзамдуу чара көрүлөт.  Бирок бул чечимге кээ бир бүтүрүүчүлөр менен айрым ата-энелер макул эмес. Ал арада окуучулар арасында мектепти аяктоого арналган шан-шөкөттөргө жашыруун даярдык жүрүп жатканы да айтылууда.

Майрамдоого жол жок. Эмне үчүн?

Быйыл Ош шаарындагы 52 мектепте 2020 окуучу 11-классты аяктайт. 25-майда акыркы коңгуроого байланыштуу кечелерди өткөрүүгө, бүтүрүүчүлөрдүн түрдүү эс алуучу жерлерге барып майрамдашына тыюу салган буйрукту шаардык билим берүү башкармалыгы 6-май күнү чыгарган. Ага ылайык, ал күнү ар бир мектепте саат 9.00дөн 11.00гө чейин  акыркы коңгуроо кечеси гана болот. Мектеп менен коштошууга байланышкан салтанаттарды өткөрүүгө бүтүрүү сынактары аяктап, аттестат тапшырылгандан кийин гана уруксат берилет.

Мындай тыюу салууга өткөн жылдарда 25-май күнү бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда түрдүү мушташтардын жана кырсыктырдын көп катталгандыгы себеп болгон. 2012-жылы бүтүрүү күнүн табият койнунда майрамдаганы чыккан окуучулар унаа кырсыгына кабылып, эки окуучу кыз жараат алган жана эки жаран каза тапкан эле.

Шаардык билим берүү жана Ички иштер башкармалыгы акыркы коңгуроону тынч жана ашыкча чыгымдарсыз өткөрүү боюнча ата-энелер, окуучулар жана мектеп жамааттарынын арасында түшүндүрүү иштерин бир айдан бери жүргүзүүдө.

Ички Иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги чыгарган буйрукка ылайык, акыркы коңгуроо күнү шаарды милиция кызматкерлери жана Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөшөт. 25-май күнү шаардагы лимузин айдоочулары акыркы коңгуроого карата мектеп окуучуларына кызмат көрсөтүшпөйт. Мындай чечим май айынын башында Ош шаардык ички иштер башкармалыгында лимузин жана башка кымбат унаалардын айдоочуларынын катышуусунда өткөн жыйында айтылган.

Окуучулар не дешет?

Шераалы Асанов 16 жашта. Ал Ош шаарындагы мектептердин биринде быйыл 11-классты аяктап жатат. Ал акыркы коңгуроону майрамдоого тыюу салынганына нааразы:

-Шаан-шөкөтү жок акыркы коңгуроону өткөрүү мүмкүн эмес. 11-жыл окуган мектепти жөн гана бүтүрүп кетүүнү акылыма сыйдыра албай жатам. Мен сыяктуу ойлонгондор көп. Ошондуктан, жашыруун түрдө болсо да майрамдайбыз дегендер арбын,- дейт Шералы.

Каарманыбыздын айтымында,  мындай тыюу салуулар окуучулардын жашыруун майрам өткөрүшүнө себеп болууда.

Бирок бүтүрүүчүлөр арасында тыюу салууну колдогондор да жок эмес. Шаардагы Жолон Мамытов орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурлан Юсупов 25-майда ашыкча майрамдоонун кажети жок дегендердин бири:

-Ойлоп көргөн адамга акыркы коңгуроо үчүн сарыпталган каражат жөн эле “асманга сапырылат” экен.  Андан пайда деле жок. Мектепти бүтүп жатканын майрамдоо үчүн сөзсүз кафеге баруунун же табият койнуна чыгуунун кереги жок. Ошол эле мектепте жакшынакай кылып салтанат уюштурса болот. Менин ата-энемдин айтышынча, мурда ошентишкен экен. Мектепте майрамдаган учурларын азыр да да аябай жакшы эскерүүлөр менен айтып беришет,- дейт Нурлан.

Замир Сыдыков: “Акыркы коңгуроону көзөмөлдөө - маанилүү”

Ош шаардык ИИБнын басма сөз катчысы  Замир Сыдыковдун айтуусунда, эки жылдан бери чектен ашкан мыйзам бузуулар каттала элек. Бирок былтыркы жылы эки бүтүрүүчү жол кырсыгынан жабыркаган. Милиция акыркы коңгуроого байланыштуу мыйзам бузууларды маанилүү деп эсептейт.

-Замир мырза, быйыл акыркы коңгуроо майрамын канча милиция кызматкери көзөмөлдөйт?

- Жүздөн ашуун кызматкерибиз ошол күнү тартипке көз салат.

Шаарда 56 мектепте бүтүрүү кечеси майрамдалат. Алардын жаш өзгөчөлүгүн, кырчын курагын эске алып, он жыл окуп коштошуп жатса, ушул маалда кызууга алдырып кандайдыр бир кырсыктарга кабылбысын деп, иш алып барып жатабыз.

Шаардык билим берүү башкармалыгы менен да биргеликте иштешип жатабыз. Эки тараптан тең иш чараларды аткаруу үчүн план бекитилген. Бул иш планга ылайык 25- майга чейин биздин кызматкерлердин катышуусу менен мектептерде жыйындар өткөрүлөт.

- 25-май күндөрү шаардык коопсуздук кызматы кандай тартипте иштейт?

- Бул күндөрү баардык мектептерге аймактык инспекторлор, ЖККнын кызматкерлери түнкү саат 12:00гө чейин кызмат өтөшөт. Негизги эле максат - жаңжалдардын алдын алуу.

-Бирок бул тыюу салуу баарына элек жага бербейт да...

-Биз таптапкыр өткөрбөгүлө деп айта албайбыз. Мектептин аймагынан чыкпай, спирт ичимдигисиз, чоңдордун көзөмөлүндө өткөрө беришсин.

- Бүтүрүүчүлөрдү кортеж унаалары менен кармап алсаңыздар, сиздердин аракет?

-Биз айдоочуларга эскерттик. Алар ага карабастан чыга турган болсо, мыйзам бузган аракеттерди жасай турган болсо, административдик чара колдонобуз...

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлайым Машрапова да Сыдыковдун оюн толуктайт:

-25-майда укук коргоо кызматынын, жергиликтүү башкаруу кызматкерлеринин катышуусунда мектептин ичинде бүтүрүүчү кече өткөрүлөт. Андан сырткары, бүтүрүү кечелерин өткөрүүүчүн мыйзамсыз акча топтоолорго да тыюу салынган. Бул талап аткарылбаса, мектеп жетекчиси иштен кетет,- дейт Машрапова.

Ата-энелер не дешет?

Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери  шаан-шөкөткө тыю салган токтомго карата ар кандай пикирде. Алардын бири Арстан Камалов. Анын оюнча тыюу салуудан ата-эне менен баланын ортосунда ажырым пайда болушу мүмкүн:

-Бүтүрүү кечесин мектептен сырт жерде өткөрүүгө ата-энелердин көпчүлүгү каршы. Ошого карабай, бул нерсе баары бир уюштурулуп жатат. Себеби, ал чечимди баары эле колдогон жок да. Башка ата-энелер баласына бүтүрүү кечеси үчүн акча берсе, мен бербесем, балам менден капа болушу толук мүмкүн. Анын айынан экөөбүздүн ортобузда чыр-чатак пайда болот...  25-майды майрамдоо салтка айланган. Шарт эле тыйып коюуга мүмкүн эмес,- дейт  Камалов.

Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин бири Чынара Туташева ашыкча чыгымдарга каршы экендигин, майрамдоого тыюу салган буйруктар туура экендигин билдирди.

-25-май соңку жылдары ашыкча шан-шөкөт менен майрамдалып калды. Биздин убакытта жөнөкөй эле, бирок эсте каларлык өтөт болчу. Мектептин өзүндө эле жакшынакай майрамдайт элек. Азыр болсо унаа жалдашат, көчөдө сейилдешет, ошол күн аларга гана арналгансып, каалаганын баарын жасайт. Башкалардын ою менен иши жок. Анын айынан жаңжал чыгат, кырсык болот... Менимче, тыюу салынганы туура болду,- дейт Туташева.

Статистикалык эмес маалыматтар боюнча 25-майды өткөрүүүчүн айыл жеринде ар бир окуучу 7000 сомго чейин, шаарда 10000 сомго чейин акча сарптайт.

Автор Дастан Уметбай уулу