Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы тандап алуу оюндарындагы Вьетнам командасына каршы беттешинде 12 жоопсуз топ кое беришип, Азиянын 2014-жылкы биринчилигине өтүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырады.
Оюн талаасына экинчи курамы менен чыккан Кыргызстан беттештин алгачкы мүнөттөрүндө эле дарбазасына топ кое бере баштады.
3-мүнөттө Ти Мин Нгует Нгуен Кыргызстан курамасынын эки коргоочусун жазгырып өтүп дарбазачы Наталья Гайворонский менен бетме-бет чыккан соң оюн эсебин ачты.
Дагы үч мүнөттөн соң айып белгисинен чыгарылып берилген топту алган Ти Нгок Ан Нгуен дарбазага таамай туштап, артыкчылыкты эки эсеге арттырды.
Оюндун 12чи жана 14-мүнөттүндө вьетнамдык кыздар дагы эки гол киргизүүгө жетишишти.
Өзгөчө үчүнчү гол үлгүлүү болду — абдырап калган Кыргызстандын коргонуусу Ти Мин Нгует Нгуендин чыгарылып берилген топко биринчилерден болуп жетип, дарбазачы менен бетме-бет чыгуусуна мүмкүндүк берип койду.
Ти Мин Нгует Нгуен эсепти 5:0гө жеткирип, оюндун 20 мүнөтүндө эле өзүнүн беттештеги үчүнчү голун киргизүүгө жетишти. Болгону дагы бир мүнөттөн кийин Ти Ноа Нгуен кыргызстандыктардын айып аянтчасынан топко ээ болуп, эсепти 6:0гө жеткирди.
Мындан соң вьетнамдык футболчулар чабуулдарынын тездигин азайтып, биринчи жарым бөлүк аяктаганга чейин бир гана топ киргизишти — 35-мүнөттө Ти Нгок Ан Нгуен өз айып аянтчасынан чыгарылып берилген топту алган соң Гайворонскаянын башынан ашыра өткөрүп, дарбазага таамай туштады.
Экинчи жарым бөлүктө Кыргызстандын футболчу кыздары бир нече жолу топту атаандашынын талаа бөлүгүнө өткөрүүгө жетишишти, бирок эреже катары чабуулду анда ары улантууга анда эч ким жок болуп калып жатты — анткени команда толугу менен коргонууга өтүп алгандыктан алды жакта чабуулчу Айчүрөк Айтбаева гана жалгыз ойноп жаткан.
Оюндун 49-мүнөтүндө Ти Ким Тьен Нгуен дарбазанын жогорку сол бурчуна таамай тээп, беттештин эң кооз голун киргизип, эсепти 8:0гө жеткирди.
62-мүнөттө Кыргызстан алгачкы бурчтан чыгаруу укугуна ээ кылган бир аз олуттуураак чабуулун жасады, бирок топ ийгиликсиз чыгарылгандыктан Вьетнамдын дарбазачысы Ти Кьё Трин Данг баарынан бийик секирип топту өз командасына кайтарып берди.
Андан соң вьетнамдык кыздар дароо эки топ киргизишип, эсепти 10:0го жеткиришти.
Акыркы эки голду алмашууга чыккан Ну беттештин акыркы мүнөттөрүндө киргизди. Жалпы эсеп Веьтнамдын пайдасына — 12:0.
Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева оюндан кийинки басма сөз жыйынында атаандашы баары бир күчтүүлүк кылаарын билип, Вьетнамга каршы беттешке команданын экинчи курамын чыгаргандыгын мойнуна алды.
Уматалиева команданын мыкты оюнчуларын топтун финалдык оюнунда мелдештин ээси болгон Бахрейн курамасына каршы чыгарат.
С тобунун башка оюнунда Гонконг Бахрейнди 3:1 эсебинде утту. Бул деген Кыргызстан менен Бахрейн Азиянын 2014-жылкы биринчилигинин финалдык бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашты дегенди билдирет.
Гонконг менен Вьетнам континенталдык биринчилик үчүн 26-майда кез келишет.
Ошол эле күнү Бахрейн менен Кыргызстан көңүл жабутуучу оюн өткөрүшөт, ал беттеште жеңген команда топто үчүнчү орунга ээ болушат.
Автор: Бектур Искендер