Сайт иштеп чыгуучулар: Жогорку соттун порталы 100 миң сом турбайт

IMG_9371-kopiya-1 (1)

Жогорку сот алардын порталы 100 миң сомго жасалгандыгын билдирди. Бирок анын чынында эле канча турушу мүмкүндүгү жөнүндө сайт иштеп чыгуучулар түрдүү пикирлерин билдиришти.

Жогорку соттун сайты 2,5 миң АКШ долларына (100 миң сомго)жасалгандыгын мекеменин басма сөз катчысы Айнура Токтошева ырастады.

Ал Kloop.kgге берген маегинде порталды иштеп чыгуу үчүн өткөрүлгөн тендерге төрт компания катышканын билдирди.

«Сайт иштеп чыгуучулар иши үчүн 2500 доллардан 9000 долларга чейинки сумманы сунушташты. Биз баасы боюнча да, техникалык тапшырмасы боюнча да туура келген компанияны тандап алдык», — деди Токтошева.

Комментарий алуу үчүн Жогорку соттун сайтын иштеп чыккан «Экосистем» компаниясы жеткиликсиз болуп чыкты.

Жогорку соттун порталын иштеп чыгууну көзөмөлдөгөн эл аралык укуктардын өнүгүшү боюнча уюмдун директору Фред Хьюстон Kloop.kgге берген маегинде сайтты иштеп чыгууда 2,5 миң доллар кымбат эмес экендигин билдирди.

«Акча сайтты иштеп чыгууга, каттоого жана доменге жумшалды. Чындыгында, убакыт жетишпей, жумушу оор болду, көп аракет жумшалды», — дейт ал.

Уюмдун директору 2,5 миң доллардан аз каражатка «сапаттуу» портал жасоого мүмкүн эместигине ишенет.

«Мындай суммага кимдир бирөөнүн сапаттуу иштеп, техникалык ташырмада болгондун бардыгын жасай алгандыгын уга элекмин», — деди Хьюстон.

Бул сумманы кыргыз интернет чөйрөсүндө талкуулап башташты, алардын көбү порталдын чын эле 100 миң сом тура тургандыгынан күмөн санашууда.

Арзан жасаса болот

«Велткинд веб воркс» студиясынын сайт иштеп чыгуучусу  Анатолий Лелевкин портал анча ишенимдүү болбой калгандыгын билдирген.

«Биринчи эң чоң кемчилиги — бул cms Drupalдын [башкаруу системасы, маалымат базаларын сактоо катары пайдаланылат] пайдаланылып жатышы. Мындай болгондо эгер сайтты карап, өз учурунда жаңылап турбаса сайт чабуулдарга дуушар болот», — деп жазган Лелевкин.

Ал сайттын техникалык жактан аткарылышын «жаман эмес» деп баалап, бирок дизайны «аксап жатканын» айтты.

Иштеп чыгуучу сайтты баалоо кыйын экенин айтып, бирок мындай сайтты арзаныраак жасоого мүмкүн болоорун билдирди.

«Мен бир гана нерсени айта алам, биздин кызматта [анын жана анын компаниясынын] ушундай эле функционалдуулугу бар, мындан жакшы визуалдык аткаруудагы сайт 1500-2000 доллар турмак», — деди  Лелевкин.

Ал кошумчалагандай, веб-сайт бардыгы үчүн жеткиликтүү болгон контент менен башкаруучу Drupal деген бекер системаны колдонуп жаткандыктан программисттин жумушу жеңилдеген, ошондуктан портал Лелевкин сурашы мүмкүн болгон суммадан төмөнкү баага бааланат.

«Артс» компаниясынын веб-иштеп чыгуучусу  Александр сайт 100 миң сом турбайт деген Лелевкиндин пикири менен макул. Ал портал 200-300 доллардан [10-14 миң сомдон] ашык турбайт деп эсептейт.

«Биринчиден, дизайн иштелип чыккан эмес, сайттын структурасы да активдештирилген эмес, ага каалаган учурда кол салып, бузуп ачып алуулары мүмкүн. Функционалдуулугу такыр эле ойлонуштурулган эмес, сайттын жалпы структурасы да жок», — деп жыйынтыктаган пикирин Александр.

Көз карандысыз веб-иштеп чыгуучу Сергей дизайн 100 доллар, же андан жогору тураарын билдирди. Анын айтымында, мындай сайтты 600-700 долларга [28 — 33 миң сомго] жасаса болот.

«Дизайн — бул кайсы бир графикалык редакторго сүрөт тарткандай эле. Муну бардык эле дизайнер жасап, кошумча кесип да бере алат, бул анчалык деле оор жумуш эмес», — деди Сергей.

Автор: Айшоола Айсаева