«Кумтөр» митингчилердин талаптарын аткаруудан баш тартты

68412201

«Кумтөр» алтын кени «өлкөдөгү көйгөйлөрдүн бардыгын тең өзүнүн эсебинен чече албай тургандыгын» билдирди. Митингдин катышуучулары кенге бара турган жолду дагы деле тосуп турушат. Алардын негизги талабы — «Кумтөр» менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу.

«Кумтөр» компаниясы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге митинг катышуучуларынын талаптарына жооп жазылган кат жөнөттү.

«Өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан «Кумтөр» өлкөдөгү бардык көйгөйлөрдү өз эсебинен чече албайт», — деп жазылган компаниянын жиберген катында.

«Кумтөр» түзүлгөн 1994-жылдан бери 1,2 миллиард доллар салык төлөдү, жергиликтүү коомчулукта тикелей инвестицияларды ишке ашырып жатат, ошондой эле кирешесинин бир пайызын жыл сайын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна которуп турат.

Митингчилердин талаптарынын ичинде Жети-Өгүз районуна мектептерди, балдар бакчасын, ооруканаларды куруу жана жолдорду оңдоо талаптары бар. Ошондой эле алар «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин 85 пайызы жергиликтүү тургундар болушун талап кылып жатышат.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Нарис Калчаев Kloop.kgге берген маегинде акция катышуучулары облустун өнүгүшү үчүн «Кумтөрдүн» кирешесинин бир эмес эки пайызын талап кылып жаткандыктарын айтты.

Калчаев бирок митинг катышуучуларынын негизги талабы — «Кумтөр» боюнча келишимди жокко чыгаруу экенин белгиледи.

Кенге бара турган жол төрт күндөн бери жабык. Буга чейин «Кумтөрдөгү» азык-түлүк бир жумага гана жете тургандыгы айтылып жаткан.

Бүгүн митингчилер кенге барууга камынып жатышкан, бирок милиция аларды айнытып койду.

«Митинг катышуучулар эртең менен кенге бара тургандыктарын айтып жатышкан. Алардын планы кандай экенин так билбейм, бирок бул боюнча алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан кийин акция катышуучулары ал идеядан баш тартышты», — деп жазган «Кабар» маалымат агенттиги Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айткандарын.

Өкмөт митингдин катышуучулары менен иштеп, «туруктуулукту калыбына келтирип» жаткандыгын билдирүүдө.

Министрлер кабинети өлкө бюджетине «Кумтөрдөн» түшкөн каражатты көбөйтүүнү, ошондой эле кендин аймактардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогорулатууну убадалап жатат.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды