Парламент вице-премьер менен бир нече мекеменин башчысын кызматтарынан кетирүүнү сунуш кылды

image

Жогорку Кеңеш Батукаевдин бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун кабыл алды жана өкмөт башчысынан 10 күндүн ичинде коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерди, акыйкатчыны, ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын, ИИМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Нарын шаардык сотунун башчыларын кызматынан кетирүүнү сунуштады.

Парламентарийлер көпчүлүк добуш менен криминал авторитети Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун кабыл алды. Аны менен катар алар комиссиянын криминал авторитетинин бошотулушу жана анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тиешеси бар делинип жаткан чиновниктерди кызматтарынан кетирүү боюнча сунуштамасы менен макул болушту. Ошентип, депутаттар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге төмөнкү чиновниктерди кызматтарынан кетирүү маселесин карап чыгуу үчүн он күндүк мөөнөт беришти:

  • коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду;
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди;
  • ички иштер министри Абдылда Суранчиевди;
  • ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Фурхат Үсөновду;
  • саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны;
  • акыйкатчы Турсунбек Акунду;
  • Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовду.

Ошондой эле парламент жыйынында башкы прокурор Аида Салянованы кызматынан кетирүү маселеси да каралган, бирок аны ордунда калтыруу чечимине келишти.

Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Шамил Атаханов Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде комиссияда чиновниктердин күнөөлөрүнүн эч кандай далили жоктугун билдирген.

«Комиссиянын иши башталгандан бери конкреттүү далилдерди көргөн жокмун , алар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгонум жок. Бир дагы далилди, бир дагы фактыны», — деген Атаханов Kloop.kgге берген маегинде.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев ИИМ башчысы менен анын орун басарларынын мыйзамдагы уурунун бошотулушуна эч кандай тиешелери жоктугуна ишенет.

«Биздин ал жерде катышкандыгыбыз боюнча кандайдыр бир далилдер жок. Мыйзамдагы уурунун бошотулушунан да кыйла чоң көйгөйлөр бар», — деп билдирди Осмонбаев парламент чечими тууралуу айтып жатып.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Светлана Байтикова Kloop.kgге берген маегинде Батукаевдин бошотулушуна анын мекемесинин тиешеси бардыгы тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты.

«Жетекчиликти кызматтан кетирүү керекпи же жокпу мен комментарий бере албайм. Депутаттар берген корутундуда диагнозунун аныкталбагандыгы жазылган эмес, алар дарыгерлер тарабынан текшерилген анализдердин бурмалангандыгын айтып жатышат, бирок аны менен башка органдар алектениши керек болчу», — деди Байтикова.

Акыйкатчы Турсунбек Акун аны кызматтан кетирүүгө парламенттин укугу жок экенини айтты.

«Мени кызматтан кетирүүгө парламенттин укугу жок. Мыйзам боюнча, мен жылдык докладымды жасаганымда ал өтпөй калса алар атайын комиссия түзүшөт, коммисия добуштардын үчтөн экиси менен кетирүү чечимин кабыл ала алат. Андан кийин гана алар мени кызматтан кетирүү маселесин сессияга алып чыга алышат», — деп билдирди Акун.

Комментарий алуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен Нарын шаардык соту жеткиликсиз болууда.

Батукаевдин бошотулушу

Батукаев 9-апрель күнү мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан — бул тууралуу чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Автор: Азат Рузиев