Атаханов коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызматтан кетти

bishkek-at-night_10350

Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Шамил Атаханов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Саясий серепчилер анын кызматтан кетишин криминал авторитети Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча түзүлгөн комиссиянын сунуштамасы менен байланыштырып жатышат.

Вице-премьер өз каалоосу менен кызматтан кетти, — бул тууралуу Kloop.kgге Атаханов өзү билдирди.

Ал андан ары комментарий берүүдөн баш тартты.

«Мен азырынча эч кандай комментарий бербейм. “Өз каалоосу менен кетүү” деген пункт бар», — деди Атаханов.

Өкмөттүн аппаратынан президент Атахановдун кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын канааттандыргандыгын билдиришти.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Атахановдун кызматтан кетиши криминал авторитети Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу менен байланыштуу экенине ишенет.

«Кызматтан өз эрки менен кеткендиги анын өзүнүн бийлик структураларында болушун максатсыз деп тапкандыгын көрсөтүп турат. Муну парламенттик республикаларда депутаттык корпус каалаганын айтып, Батукаев сыяктуу адамдардын абактан чыгуусуна жардам бере турган мыйзамдарды кабыл алгандыгы менен байланыштуу деп эсептейм», — дейт ал.

Саясий серепчи Марат Казакпаев Какчекеевдин пикири менен макул. Айтымында, Атаханов анын Батукаевди бошотууга тиешеси бардыгы тууралуу айтылган ушактан улам кызматынан кетти.

«Чынында анын тиешеси жок, ошондуктан ал ушактан улам кетти деп эсептейм. Анын бийлик системасынан кетип жаткандыгы аянычтуу, аны алмаштыра турган адамды табыш кыйын болот», — деп болжолдойт Казакпаев.

Атаханов бул кызматта төрт ай иштеди. Ал вице-премьерликке үстүбүздөгү жылдын февралында, ИИМ башчылыгынан кеткенден кийин дайындалган.

Майдын аягында парламент премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге бир нече жогорку кызматтагы чиновникти кызматтан кетирүүнү сунуштаган, алардын арасында Атаханов да бар болгон. Парламентарийлер анын криминал авторитет Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деген чечимге келишкен.

Атахановдун өзү болсо комиссия күнөөлөрүн далилдебей туруп эле чиновниктерди кызматтан кетирүүнү сунуштап жатат деп билдирген.

«Комиссиянын иши башталгандан бери конкреттүү далилдерди көргөн жокмун , алар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгонум жок. Бир дагы далилди, бир дагы фактыны», — деген Атаханов Kloop.kgге берген маегинде.

Премьер-министр чиновниктерди кызматтан кетирүү же кетирбөө боюнча чечимин 13-июнга чейин чыгарышы керек.

Батукаевдин бошотулушу

Батукаев 9-апрель күнү мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан — бул тууралуу чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Автор: Нуржамал Жаныбекова