Литва «Эйр Бишкектин» Калининградка учуусуна тыюу салды

bishkek-at-night_10350

Литва өз аба мейкиндиги аркылуу Кыргызстандын «Эйр Бишкек» авикомпаниясына учууга тыюу салгандыктан ал Бишкек-Калининград түз каттамын токтото турууга туура келди.

Кыргызстан Еврокомиссиянын «кара тизмесинде» болгондуктан Литва өз аймагы аркылуу «Эйр Бишкектин» учактарынын учуусуна тыюу салды — бул тууралуу авиакомпаниянын коммерциялык директорунун орун басары Динара Аширметова билдирди.

«Литва Республикасы жүйө катары Кыргызстан кара тизмеде экендигин айтууда, бирок биз биринчи каттамыбызды жасаганбыз», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Бишкек-Калининград каттамы боюнча биринчи учуу 16-майда болгон. Аширметованын айтымында, мындан жарым жыл мурун анын компаниясы Литванын бийлигине билдирме жөнөтүп, өлкө аймагы аркылуу учууга урусат алган.

Бирок 23-майда аткарылышы керек болгон экинчи каттамга эки саат калганда балтикалык республика өз аймагы аркылуу «Эйр Бишкектин» учактарынын учуп өтүүсүнө тыюу салган.

«Экинчи каттамдын алдында бизге Литва Республикасынын аймагы аркылуу учууга уруксат эместиги тууралуу билдирүү келди. Бул жеке гана биздин компания эмес, Кыргызстандагы компаниялардын бардыгы тең Еврокомиссиянын кара тизмесинде болгондугуна байланыштуу», — деди коммерциялык директордун орун басары.

Калининградка барып-келүү каттамдары жумасына бир жолу аткарылышы керек болчу.

Учурда «Эйр Бишкектин» сайтында 6чы жана 13-июндагы каттамдар алынгандыгы расмий жарыяланган. Авиакомпания 20-июндан баштап учуулар мурдакы график боюнча калыбына келе тургандыгын убадалап жатат.

Эксклав

Калининград облусу (кызык түс менен белгиленген) Россиянын негизги аймагынан (сары түз менен белгиленген) өзүнчө бөлүнүп турат
Калининград облусу (кызык түс менен белгиленген) Россиянын негизги аймагынан (сары түз менен белгиленген) өзүнчө бөлүнүп турат

Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Чыгыш Пруссиянын курамына кирген Калининград облусу Россиянын негизги аймагынан бөлүнүп турган эксклав болуп эсептелет. Аны Польша, Литва жана Балтикалык деңиз курчап турат.

2004-жылы Калининград облусу толугу менен Европа биримдигинин курчоосунда калган – анда Польша менен Литва  экөө тең бир маалда Европа биримдигине мүчө болуп киришкен.

Кыргызстандын башка компанияларындай эле «Эйр Бишкек» компаниясы да 2006-жылдан бери Европа биримдигинин аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп эсептелген Еврокомиссиянын кара тизмесинде.

Авикомпаниялар ал тизмеге кыргыз учактарынын абалдары эл аралык коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен (Евробиримдиктин чиновниктеринин пикирлери боюнча) киргизилген.

Учурда Еврокомиссиянын кара тизмесинде 21 өлкөнүн 270 компаниясы бар.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Эйр Бишкектин» учактарынын литва аба мейкиндиги аркылуу учуусуна уруксат сурап, майдын ортосунда Литвага расмий билдирме жөнөткөн болчу, бирок жооп дагы деле келе элек.

Өз кезегинде Литванын Транспорт министрлиги комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

«Биз силерге эч кандай маалымат бере албайбыз. Комментарий да бербейбиз», — деп билдиришти министрдин кабылдамасынан Kloop.kgнин журналисттерине.

Автор: Шахида Дүйшеева