Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган жок — президент ал толуктоолор жарандардын эркиндигин бузат деп эсептеди. Эми Жогорку Кеңешке мыйзамды кайрадан иштеп чыгууга туура келет.
Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, мыйзамдын жаңы редакциясы өтө «кеңири» жазылган.
«Кабыл алынган редакцияда жазылган беренелер негизсиз түшүндүрүүлөрдү жана аларды ишке ашырууда бир катар талаш-тартыштарды жаратат. Андан сырткары, кабыл алынган мыйзам тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн санкцияларды ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктар тапшырыла турган орган же жетекчи адам аныкталган эмес», — деп сынга алган президенттин аппараты депутаттар тарабынан кабыл алынган мыйзамды.
Андан сырткары президенттин басма сөз кызматы киргизилген өзгөртүүлөр Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келе тургандыгын белгилеген.
«Жаңы редакцияда кабыл алынган беренелер Конституциянын “Кыргыз Республикасында жарандардын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгарган же кемсинткен мыйзамдар кабыл алынбашы керектиги” айтылган 20-берененин 1-бөлүмүндөгү талаптарды бузат», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Аны менен катар президент норма жарандардын маалымат алып таркатуу эркиндигине толкоолдук кылат, ошондой эле алардын ишкердик ишмердүүлүктөрүнүн көзөмөлгө алынуусуна алып келет деп эсептейт.
Ошондой эле Атамбаев киргизилген өзгөртүүлөрдө жарандарын кыргыз тилине үйрөтүшүү жөнүндөгү мамлекеттин милдети көрсөтүлбөгөндүгүн белгилеген.
«Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кызыктыра турган чаралардын кабыл алынышы боюнча тиешелүү талаптар менен нормалардын акырындык менен киргизилишин жөндүү деп эсептейм», — деп жазган президент.
Атамбаев өткөн жылдын декабрында эле мыйзам долбооруна кол койбой тургандыгын билдирген болчу.
Парламент жактырган
Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү 25-апрелде кабыл алган — анын жаңы редакциясына ылайык, өлкөдөгү иш кагаздарынын бардыгынын тең түп нускалары мамлекеттик тилде даярдалышы керек.
Мыйзам ошондой эле мамлекеттик тилди билбеген кыргызстандыктар үчүн айып пул киргизет.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн жыйынга катышып жаткан 88 депутаттын 83чү добуш берип, калган беши каршы болушкан.
Анда социал-демократ Төрөбай Зулпукаров кыргызстандыктар мамлекеттик тилди билиши керек деп эсептегендиктен өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы үчүн добуш бергендигин билдирген.
«Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз тилин билиши керек [...] Эгер адам башка тил билсе ал тоскоолдук кылбайт, бирок ар бир жаран өзүнүн эне тилин билиши керек. Кыргыз элинин мекенчил адамы катары мен мамлекеттик тилди сыйлайм», — деген Зулпукаров.
Анын фракция боюнча кесиптеши Наталья Никитенко мыйзам долбооруна үч окууда тең каршы добуш бергенин билдирди. Айтымында, анда мыйзамдын иштөө механизмдери көрсөтүлгөн эмес.
«Мен мамлекеттик тилди өнүтүрүү зарыл деп эсептейм жана ага өзгөчө көңүл буруу керек. Бирок тил деген билим берүү куралдары жана маданият аркылуу өнүгөт, а бул мыйзам долбоорунда алар жөнүндө бир дагы сөз жок», — деп эсептейт Никитенко.
Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик кызматкерлер төлөөчү айып пулдар тууралуу «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын өзүндө эмес, Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин сунушталган версиясында жазылган. Кодекстин учурдагы версиясында «мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын бузулушу үчүн» айып пул салуу таптакыр жок.
Жаңы версиясында кызматтык жана жеке адамдарга 1 миң сомдон 2 миң сомго чейинки, ал эми юридикалык тараптарга 10 миң сомдон 20 миң сомго чейинки айып пул салынышы мүмкүн.
Текстте «жеке адам» жана «юридикалык адам» түшүнуктөрү жазылганы менен айып пулдар «мыйзамдын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылбаган» учурларда гана каралган.
«Фридом Хаус» бейөкмөт уюму парламент тарабынан каралып жаткан мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам Эл аралык адам укуктарынын нормаларын жана Кыргызстандын Конституциясын бузуп жатат деп эсептейт.
Автор: Зарема Султанбекова