Жалал-Абаддагы митингдин алты катышуучусуна күнөө тагылды

Letchik-iz-KR

Башкы прокуратура Жалал-Абаддагы митингдердин 6 катышуучусун жоопкерчиликке тартты. Алар катышкан митингдин жүрүшүндө обладминистрациянын имараты басылып алынып, Бишкек-Ош унаа жолу тосулган болчу.

Жалал-Абад облусундагы митингдер боюнча кылмыш иши «бийликти күч колдонуп басып алуу», «эл алдында бийликти басып алуу чакырыктарын айтуу» жана «массалык башаламандык» беренелери боюнча козголду.

Башкы прокуратуранын сайтында жазылгандай, бул иш боюнча 6 митинг катышуучусуна күнөө тагылды, алардын арасында митингдин уюштуруучусу Медер Үсөнов менен депутат Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевдер дагы бар.

Жалал-Абаддагы митингдер үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдардын толук тизмеси:

  • Медер Үсөнов
  • Шайырбек Ташиев
  • Жеңиш Токторбаев
  • Абсатар Сыргабаев
  • Азимбек Жумашев
  • Айбек Сулайманов

Үсөновдон башка шектелип жаткандардын бардыгы тең белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы менен кое берилишти. Үсөнов болсо Жалал-Абаддын жашоочуларынын жеке кепилдиги менен бошотулган.

Учурда тергөө органдары башаламандыктарга тиешеси бар башка адамдардын аты-жөндөрүн тактап жатышат.

Жалал-Абаддагы нааразычылык акциялары «Кумтөр» алтын кени боюнча Ысык-Көл облусунда өткөн митингдерден кийин башталгандемонстранттар канадалык «Центерра Голд» компаниясынын башкаруусундагы кендин улутташтырылышы үчүн чыгышкан.

Жалал-Абадда нааразычылык акциясына чыккандар «Кумтөрдүн» улутташтырылышынан сырткары «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деген айып менен 2012-жылдын октябрынан бери камакта жатышкан оппозициялык «Ата-Журт» партияснын депутаттарынын бошотулушун талап кылышкан.

Үсөновдун жактоочусу Искендер Журабаев ал жактоого алган адам өзүн күнөөсүз деп эсептеп жаткандыгын билдирди.

«Мен жактоого алган адамдын көрсөтмөсүнө ылайык, аларда бийликти басып алуу ойлору болгон эмес. Аларда жөнөкөй гана максат болгон — “Ата-Журттун” депутаттарын колдоп тынчтык митингин өткөрүү. Бирок алар митинг маалында окуянын өнүгүшүн көзөмөлдөй албай калышкан. Үсөнов ага анын эч кандай тиешеси жоктугун айтып жатат», — деди жактоочу Kloop.kgге берген маегинде.

Жалал-Абаддагы митингдер 31-майдан 5-июнга чейин өткөн. Анын жүрүшүндө демонстранттар обладминистрациянын имаратын басып алышып, Бишкек-Ош унаа жолун тосушкан.

2-июнда алар ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жергиликтүү бөлүмүнүн имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн, анын жүрүшүндө эң аз дегенде бензин куюлган бөтөлкөлөрдү атайын кызматтагылардын имаратын көздөй ыргытышкан.

Жалал-Абаддагы митингдер 2-июнда кармалган Медер Үсөновду кое беришкенден кийин, ошондой эле премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон

Автор: Нурмухаммед Атамбаев