Орус драмтеатрынын мурунку директору эки күндөн бери убактылуу кармоочу жайда камакта жатат

IMG_0123-e1367476467315

Бишкек шаардык прокуратурасы Орус драмалык театрынын мурунку директору Борис Воробьевду 19-июнда кармаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта.

Бишкек шаардык прокуратурасы Орус драмтеатрынын директору болуп турган маалда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана акча алдамчылыктарын жасаган деген шек менен Воробьевду 19-июнь күнү кармады — бул тууралуу ШИИБинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Воробьевго карата үч берене боюнча кылмыш иши козголгон: «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «документтерди, мөөрлөрдү жоготуу, бузуу жана жашыруу» жана «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу». Бул кылмыштар үчүн кылмыш кодексинде 13 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Учурда ал Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайында камакта.

Комментарий алуу үчүн театрдын мурунку директорунун жактоочусу жеткиликсиз болууда.

Воробьев кызматынан 2-апрель күнү кечинде четтетилген. Маданият министрлиги Воробьевду кызматтан кетирүүгө анын «көптөгөн мыйзам бузуулары» себеп болгондугун билдирген.

Мурунку директор болсо маданият министринин орун басары Кудайберген Базарбаевге «пара» берүүдөн баш тарткандыгы үчүн  кызматтан кетиришкендигин айткан.

Базарбаев мурунку директордун бул айткандарын четке кагып, Воробьев театрды «көңүл ачуучу борборго» айландырып, аны акча талап кылган деп айыптоо менен жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракет жасап жаткандыгын билдирген.

Театрдын мурунку башчысы аны кызматтан мыйзамсыз алышты деп эсептеп, Маданият министрлигинин чечими боюнча сотко кайрылып, андан утуп чыгууга аракет кылып жатат.

Автор: Кубан Макешов

Редактор: Шахида Дүйшеева