Кыргыз балдары Казакстанга кайрадан атайын кыстармалары жок кире алышат

1342592000_57773100

Жай аяктаганга чейин 16 жашка чыга элек кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан атайын кыстармалары жок өтө алышат. Андан кийин Казакстанга кирүүдө Кыргызстандын жарандарына 25-июнга чейинкидей эле кайрадан өздүгүн аныктаган кошумча маалымкат талап кылынат.

Жай аяктаганга чейин кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө Кыргызстандын 16 жашка чыга элек жарандарына атайын кыстармалар талап кылынбайт, — бул тууралуу чек ара аскерлигинен билдиришти.

«Бул туристтик сезон маалында ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстандын демилгеси менен 2013-жылдын 1-июнунан баштап эрезеге жете элек кыргызстандыктар чек арадан өткөндө жарандыгы көрсөтүлгөн, сүрөтү бар атайын кыстарма көрсөтүп өтүп башташкан.

Бул эреже 31-августтан баштап кайрадан иштеп баштайт.

Кыргызстандын чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы бул балдарды кулчулукка сатуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн зарыл деп түшүндүрдү.

«Жүйө катары казак тарап балдардын мыйзамсыз алынып чыгышына же кулчулукка сатылып кетишине жол бербөө жана андай көрүнүштөрдү азайтуу үчүн жасалып жаткандыгын билдирди. Анткени балдар анча корголгон эмес, тактап айтканда, эреже балдардын укуктарын коргоо максатында киргизилген», — деп билдирет чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы.

Чек арадан өткөндө атайын кыстармалардан сырткары туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана нотариус тарабынан бекитилген ата-энесинин ишеним катын көрсөтүү талап кылынат.

Автор: Шахида Дүйшеева