Бишкек: «Тазалык» активисттер тарабынан боелгон чуңкурларды жууду

mamytov-tashiev-japarov

Муниципалдык «Тазалык» ишканасы өткөн аптада активисттер тарабынан борбордун көчөлөрүнө түшүрүлгөн жазуулар менен Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун сүрөттөрүн жууп кетиришти — активисттер мындай жол менен бийликтегилердин көңүлүн абалы начар жолдорго бургулары келген.

Чуңкурларды бое акциясынын уюштуруучусу Айбек Баратов өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Тазалык» чуңкурларды бойлой белгиленген боекторду жууп кетирип салгандыгын жазды.

«Жолдорду убагында оңдоого караганда Бишкектин муниципалдык ишканасы “Тазалыкка” чуңкурлардагы белгилерди өчүрүп салуу оңой», — деп жазган укук коргоочу Дмитрий Кабак Баратовдун билдирүүсүнүн төмөн жагына.

«Тазалыктан» Kloop.kgге чуңкурлардагы белгилердин өчүрүлгөндүгү тууралуу билбей тургандыктарын жана бул боюнча мэриянын басма сөз кызматына кайрылып көрүү кеңешин беришти.

Мэриядан Kloop.kgни шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүштү. Комментарий алуу үчүн ШИИБинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов жеткиликсиз болууда.

Бийликтегилер өткөн аптадагы активисттердин аракеттерине ачык реакция жасашкан жок — милиция активисттердин бири – «Жашылдар партиясынын» өкүлү Александр Толмачевду мэрдин кызматтан кетиши үчүн кол топтоп жүргөн жеринен кармап кеткен.

Анда Ички иштер министрлиги аларга муниципалдык «Тазалык» ишканасынан активисттер шаар башчысынын сүрөттөрүн мэриянын алдына да тартып башташат деп кооптонуп аларга кайрылгандыктарын билдирген.

Активисттер 27-июнь күнү эртең менен Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү чуңкурларды боектор менен белгилешип, аларга «Яма», «Дырка» жана «Тешик» деп жазышкан. Кээ бир чуңкурларга борбордун мэри Иса Өмүркуловдун сүрөтү түшүрүлгөн.

Активисттер мындай ыкманы шаар бийлигинин көңүлүн жаман абалдагы жолдорго буруу үчүн тандап алышкан.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Айбек Баратовдун «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды