Бишкекте мас айдоочу жүк поездин сүздү

6113515582_ce78e1dbc5_b

Мас абалындагы жеңил унаа айдоочусу жүк поездин сүздү. Административдик протокол тузүлгөндөн кийин аны кое беришти. Эч ким жабыркаган жок.

«Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа жүк поездин 2-июнь күнү болжол менен түнкү саат 2:45тер чамасында Лев Толстой көчөсүндө сүзгөн — бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

«Ал бир топ эле мас болчу. А өтүп бара жаткан поездди өтө мас адам гана сүзмөк», — деп эсептейт басма сөз кызматтын өкүлү.

Кармалган адамдын мас абалында болгондугун медициналык экспертиза ырастаган.

Осмонбаевдин айтымында, унаа бир топ эле талкаланып, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес болуп калган. Бирок айдоочу жабырланган эмес.

Окуя болгон соң ал жакка Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери барып, унаа айдоочусун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Осмонбаев айдоочу кармоо маалында каршылык көрсөткөндүгүн айтты.

«Ал унааны эч кандай документи жок айдап жүргөндүктөн анын өздүгүн аныктоо үчүн РИИБге алынып келинген. Унаасы айып унаа токтотуу жайына жеткирилген», — деди Осмонбаев.

Ал кармалган адамга карата административдик протокол түзүлүп, үйүнө кое берилгендигин кошумчалады.

Комментарий алуу үчүн «Фольксвагендин» айдоочусу жеткиликсиз болууда.

Жүк курамы жабыркаган эмес, окуядан кийин андан ары өз кыймылын уланткан.

Автор: Хлоя Гейне