Ливиянын экс-лидери Муаммар Каддафинин өлүмүнө Кыргызстандыктардын көз карашы

Ливиянын убактылуу өкмөтү; жаңы бийликтегилер менен эки жактуу атышуудан башка тийген октон полковниктин каза болгонун кабарлады. Ал эми Кыргызстандын өкмөт жамааты Каддафинин өлүмүн сынга алган жок. Бирок, интернет-бирикмелери, болгон окуя күмөн жаратып, чындыкка жатпашын айтышууда.

Би-Би-Си орус кызматты өз макаласында Ливиянын премьер-министринин кызматын аткаруучу Махмуд Джибрил 20-октябрда, Кадаффи туулган шаарында Сиртде көпчүлүк тарабынан кармалган деп билдиргенин жазган.

«Муаммар Каддафинин автоунаасы революциянерлер тарабынан болуп жаткан атышуулар аймагына туш келип, анын негизинде атылган октордун бири башына тийген »,-деп билдирди Джибрил.

«Аль-Джазира» араб маалымат тармагы билдиргендей, Каддафи 20-октябрда эрте менен кармалган. А бирок, массалык маалымат каражаттары тарабынан карама-каршылаш макалалар жарык көргөн. Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү Каддафинин кармалганын айтышкан. Ал эми анын адамдары полковникти коркунуч туудурбаган жайда деп билдиришкен.

«Аль-Джазира» кийинчерээк болгон окуя тууралуу өзүнүн маалыматтын берген, ошону менен биргеликте «Каддафинин өмүрүнүн акыркы мүнүттөрү» аттуу видеосун жайгаштырган.

«Кадрда Каддафи качып бараткан жеринен өз туулган шаарында тирүүлөй кармалганы, анын автоунаасы француз жана америка учактары тарабынан атылганы жана анын кандуу денесин сүйрөп баратканы көрсөтүлгөн»,-деп билдирет «Аль-Джазира» араб сыналгысы.

Бир топ чет элдик саясатчылардын айтымында, Каддафинин зулумчул, диктаторлук режими аяктады, аны менен биргеликте Түндүк Атлантика аймагынын Ливияда өткөрүлүп жаткан кызматты да аягына жетти.

ООНдун башкы-катчысы Пан Ги Мун «Каддафинин өлүмү Ливия үчүн тарыхый окуя»,- деп жалпы элди ынтымакка чакырып кетти.

АКШ президенти Барака Обама, Ливия элин мындан ары эркин мамлекет катары жаңы багытта иш алып баруусун айтып өттү.

Кырк жыл бийликте

Муаммар Каддафи Ливия мамлекеттин 42 жыл башкарды. Ал бийлик башына 1969-жылы чоң төңкөрүлүштүн натыйжасында келген.

Өкмөттө иштеп жатып «үчүнчү дүйнөлүк теорияны» иштеп чыгып, аны өз «Жашыл китебине» киргизген. Анын оюу боюнча бийлик элдик комитетинин колунда болуш керек деп эсептеген. Мындай башкарууну ал «джамахирия» деп атаган. Ошондой эле Каддафи башка конституциялык теорияларды айтууга, андан сырткары баардык нерсеге катуу туруп көп нерселерге тыюу салган.

1986-жылы Берлиндеги кафеде болгон окуядан үч америка аскери каза болгондугун, андан сырткары 270 адамдын өмүрүн алып кеткен Британдык өрт өчүрүүчү аймактагы жардырууну Каддафинин башкаруусу менен байланыштырышат.

Өкмөткө каршы иш чарасы 2011-жылдын январь айында нааразычылыктын уюштуруучулары Тунис менен Египетти басып алуудан башталган. Ошол учурда Каддафи аскерлердин жардамы менен баардыгын басып салган.

2011-жылы мартта ООНдун Коопсуздук кеңеши дүйнө элдеринин тынчтыгын сактоо максатында иш жүргүзүү боюнча резалюция кабыл алган.

Би-Би-Синин билдирүүсүндө; НАТОнун башкы -катчысы Андерс Фон Расмуссен «Каддафинин өлүмү көп иштин бүтүшүн жакындатат»,- деп билдирген.

Британдык массалык маалыматтынын билдирүүсүндө, Ливиялыктар Каддафинин жайга коюу аземин жашыруун өткөрүшмөкчү. Себеби дагы деле анын так көргө кою жайы тактала элек.

Кыргызстандыктардын көз карашы

«Өкмөт башчысы Роза Отунбаева азыркы кезде иш сапары менен Казакстанда жүргөнүнө байланыштуу, Каддафинин өлүмү тууралуу эч нерсе дей элек»,-деп билдирди президенттин басма-сөз катчысы Султан Каназаров Kloop.kg интернет порталынын журналисти менен болгон маегинде.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, дагы кошумча маалымат алганга чейин Каддафи тууралуу өз оюн билдирбей турганын айтышты.

Бир топ парламент депутаттары, Ливиялык экс-лидердин коопсуздугун камсыздаш керек эле деп эсептешсе, калган депутаттар Ливиянын эли Муаммар Каддафи кандай жаза алыш керектиги тууралуу чечим чыгарылышы зарыл эле деп билдиришти.

Депутат Азамат Арапбаев, «Ата-Журт» партиясынан

«Мен бул жаңылыкты укканда таң калдым. Биринчиден Каддафи тууралуу эч нерсе билген эмесин, экинчиден анын башкаруу тартиби жана качан бийликке келгени тууралуу да кабарым жок. Каддафи кылмышкер болсо дагы аны кармап мыйзам чегинде жазалаш керек эле. Баары бир тез арада Ливияда тынчтык орнобойт, себеби ал жакта азыркы кезде бийлик үчүн күрөшүү жүрүп жатат»-деп билдирди депутат.

Депутат Ирина Карамушкина, СДПК партиясынан

«Көпчүлүк жарандар сыяктуу эле Каддафи тууралуу маалыматым бар. Аны диктатор деп аташкан. Бирок анын каза болгону мени таң калтырды. Кантсе да мыйзам бар эмес беле. Эгер, ал элинин алдында күнөөлүү болсо, сот алдында жооп бериши жана мыйзам негизинде соттолушу керек болчу. Аны менен кылган кылыктары алардын дагы да болсо денгээли төмөн экенин көрсөтүп койду. Азыр өкмөт жетекчиси менен ушундай мамиледе болсо келечекте мамлекетти мыйзамдын негизинде заманбап деңгээлге чыгара алышабы? Бул күмөн бойдон калат»,-деп билдирди Ирина Карамушкина.

Депутат Назаралы Арипов, «Республика» партиясынан

«Менин оюмча, бул Ливия элинин өздөрүнүн иши. Биз азыркыга чейин анын тирүү экенин же жок экенин билбейбиз. Эгер, Каддафинин өлүмүн жарыяланышы менен мамлекет ичинде туруктуулук башталса анда жакшы. Ошондой эле араб элдери арасындагы талаш-тартыштар токтойт деген ойдомун»-деген оюн айтты депутат.

Депутат Айнуру Алтыбаева, «Ар-Намыс» партиясынан

«Мен үчүн ар бир адамдын өлүмү-кайгылуу. Бирок, Каддафи-саясатчы болгон. Болуп өткөн окуялардын баары – оор таасир калтырат. Адам катары ага боорум ооруйт»-деди Айнура Алтыбаева.

Депутат Жоомарт Сапарбаев, «Ата-Мекен» партиясынан

«Мамлекетти ушундай ахвалга алып келген жетекчиликтин жоопкерчилиги чоң. Менин оюмча, Муаммар Каддафи өзүнө ылайыктуусун алды. Албетте, болгон окуя -кайгылуу»,-деди депутат.

Жалпы элдик конгресс партиясынын лидери, Аликбек Джекшенкулов,

«Менин билишимче, Каддафинин өлүмүнө чейин абал өзгөргөн, Андан сырткары НАТО дагы катуу иш алып баргандыктан, аны туулуп өсүкөн шаарынан кармашты. Менимче, болгон окуя көп деле эч нерсени өзгөртпөйт. Бирок, Ливияда өкүм сүргөн диктатурага чекит койду.

Муаммар Каддафи – бул түшүнүксүз инсан эле. Ошондуктан айрым мамлекеттер кызматташууда пикирлерин өзгөрткөн. Кээ бир чет элдик өлкөлөр нефть алгандыктан алардын арасында жакшы мамиле болгон. Бирок, калган саясий кызматташтыкта Каддафиге болгон мамилелери башкача. Болуп өткөн окуя - бул баардык президенттерге жана диктаторлорго сабак болду. Себеби айрым өкмөт жетекчилери карапайым элдерди унутуп, аларга бийлик кудайдан берилген деп эсептейт. Аягында эл үчүн да, диктатор үчүн да кыйын болот»,-деп оюн билдирди Аликбек Джекшенкулов.

Камчыбек Ташиев, «Ата-Журт» партиясынан президенттике талапкер

«Муаммар Каддафинин өздүк көз карашында аягына чейин турушу жакшы. Анын чын же жалган экенин тарых иргейт. Ал эми бийликтин кандуу жол менен алмашканы албетте, жаман. Кандай гана учур болбосун, кандай жашашты Ливия эли өзү чечиш керек. Өлкөдө эмне өзгөрүшүн билбейм, эмне гана болбосун баары бир эл үчүн болушу керек. Каддафи – өз элин сүйгөн инсандардан болгон, ал эми мамлекеттин кандай башкаргандыгы бул башка иш. Ошондуктан анын мекенге болгон сүйүүсүн баалайм жана менин оюмча ар бир жетекчи ошондой болушу керек»-деп айтат талапкер.

Саясатчылар пикири

Марс Сариев, көз карандысыз  серепчи

«Азыркы учурда бул нерсени талкуулоо эрте. Себеби айрым жактоочулар Каддафини тирүү деп аны коопсуз жайда экенин билдиришүүдө. Андан сырткары анын өлүмү тууралуу айтыштар-бул мамлекеттик абалды биртке тынчтандыруу жана жакынкы аралыктагы 21-октябрда боло турган кагылышуунун алдын алуу болуп эсептелиши да мумкүн»-деп түшүндүрдү серепчи.

Марат Казакпаев, «Полис-Азия» борборунун аналитиги

«Эркиндик болот деп айтуу кыйын, бирок, азыркы кездеги абал өтүп кетет. Болгон окуядан Ливия таң калууда. Менин оюмча бул саясий система»,-деп эсептейт Марат Казакпаев

Икбол Мирсаидов, «Эгалите» борборунун серепчиси

«Муаммар Каддафи мусулман өлкөлөрүнүн ичинен эң бир көрүнүктүү лидерлердин бири болуп, «джамахирия» өзгөчө башкаруу системасын иштеп чыккан жана «Жашыл китептин» автору. Ал ислам өлкөлөрүнүн ичинде башкы башкаруучулуктун негизин түптөгөн инсан катары кала бермекчи. Ошого карабастан батыш мамлекеттерине өзгөчө көз карашы болгон. Азыркы кезде эң бир оорчундуусу анын өлүмү жана мамлекет ичиндеги болуп жаткан окуялар. Себеби Ливия энергетиканын курмандыгына кабыл болду »-деди серепчи.

«Дизелдиктер» талкуусу

Дизел колдонуучулары «Ливияга арналган кризис»темасындагы сын сөздөрдү чындыкка жатпайт деп эсептешет. Себеби Ливиянын лидери тууралуу жарыяланган видео жана Каддафинин сүрөттөрү жалган деп сынга алышкан.

«Эгерде бул нерсе чын болгондо, анда алда канча сапатуу сүрөттөрдү жарыялап жана роликтер чыгарылмак. Ошондой эле мусулмандардын салтына ылайык жайга коюу салтанатын жума күнүнөн кечиктирбей жарыялайт эле. «Бен Ладен» сыяктуу бат эле ойлоп жерге берип коймок беле»-деген таңдануусун жазып жиберген Джаст

Форум колдонуучуларын билдирүүсүндө, Каддафинин изин суутуш үчүн Ливиянын убактылуу өкмөтүнүн кылганы деп эсептешет.

«Эгер, полковник тирүү болсо- аны айрымалоо кыйын. Муну алар каалап жатышат. Мен азыр эч нерсеге ишенбейм»-деп жазат AltCtrlDelete

Кээ бир интернет-колдонуучулардын айтымында, чынында эле Каддафи каза болгон. Бирок, айрым маалыматтын жоктугунан, анын жакын адамдары полковниктин өлүмүн четке кагууда.

«Жаңылыктардан көргөн соң, таң калдым. Мусулмандар салтына ылайык жерге берип, өлгөн адамдын үсүнөн сөз кылганды токтотушса. Алар адам эмес, айбан го»-деп жазат интернет-колдонуучу Tim_lan_kg.

Сүрөттө: Муаммар Каддафи 2011-жылы 2-мартта өзүнүн мекендештерине кайрылуусу менен сүйлөп жаткан кези
Сүрөттүн автору: B.R.Q. Network

Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Редактор: Айгуль Гуламидин кызы

Авторлор: Анна Лелик жана Айдай Токоева