Кылмыш ишинен улам ички иштер министринин орун басары кызматтан четтетилиши мүмкүн

8-05-2012_miliciya_policiya_bishkek_ala-too_square_beliy-dom_elyor_nematov_demonstration_kloop-6

Башкы прокуратура «курал колдонуу менен бейбаштык кылган» деген айыптоолордон улам ички иштер министринин орун басары Фархат Үсөновду убактылуу кызматынан четтетүүнү токтом кылды.

Тергөө Үсөнов жогорку кызматта туруп кылмыш ишинин объективдүү иликтенишине тоскоолдук кылышы мүмкүн деп эсептейт, анткени негизги күбөлөр катары анын кол алдында иштеген адамдар эсептелинишет.

«Үсөнов [...] кылмыш ишинин объективдүү иликтенишине тоскоолдук кылып, тергөөчүлөргө басым жасашы мүмкүн», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Токтом ички иштер министри Абдылда Суранчиевге жөнөтүлдү.

ИИМдин басма сөз кызматынан Kloop.kgге азырынча Үсөнов кызматтан четтетиле электигин түшүндүрүштү.

«Жөн гана министрдин атына сунуш киргизилди. Ал министр тарабынан каралат. Эгер ал туура деп тапса кызматтан четтетиши мүмкүн, башкача эсептесе калтырышы мүмкүн», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Комментарий алуу үчүн Үсөновдун өзү жеткиликсиз болууда.

Үсөновдүн убактылуу кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат 10-июль күнү Сергей Град деген адамдын атынан пресс-релиз түрүндө массалык маалымат каражаттарына таркатылган болчу, бирок анда ИИМ да, Башкы прокуратура да ал билдирүүнүн жасалма деп аташкан.

Атышуу

2012-жылдын 8-мартынан 9-мартына караган түнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү №64 үйдүн короосунда атышуу болуп жаткандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн.

Башкы прокуратура билдиргендей, анда Фурхад Үсөнов менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурунку ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Д.Амановдун ортосунда чыр чыккан.

«Үсөнов өзүнүн сыйлыкка берилген ТТ үлгүсүндөгү тапанчасынан эки жолу ок чыгарган, биринчи ок «Мерседес-Бенц-230» үлгүсүндөгү унаага тийип анын маңдайкы айнегин тешип кеткен», — деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Тергөөдө окуя болгон жерге барышкан ИИМдин ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен Свердлов райондук бөлүмүнүн милиционерлери анда Үсөновдун мас абалда болгондугун билдиришкен.

Кийинчерээк, 2013-жылдын июнунда прокуратура Үсөнов тергөө органдарына бир нече жолу чакырылгандыгын, бирок ал иш сапарында же дарыланууда болуп келбегендиги жөнүндө маалымат тараткан.

«Буга байланыштуу тергөө иш-аракеттерин толук жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат», — деп билдирген Башкы прокуратура.

Үсөнов кандайдыр бир кылмыш кылгандыгын четке кагууда, буга чейин ал анын дарегине айтылып жаткан айыптоолор «кимдир бирөөнүн буйрутмасы» экенин айткан.

Ал 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде тапанча менен кокустан атып алгандыгын билдирген.

«2012-жылдын мартында мындай окуя болгон. Биз тапанчаны көрүп жатканбыз, анан мен анын магазин кутусуна коюлуучу патрондордун рамкасын чыгарып кайрадан октодум, бирок ал жакта ок калып калыптыр да ал кокустан атып жиберди. Башка эч нерсе болгон эмес. Мындай учурлар күн сайын эле болот. Бул жерде эч кандай кылмыш жок. Бир жарым жыл өттү, эч ким жабыр тарткан жок. Ишти эми сууруп чыгып жаткандыктарына караганда бул кимдир бирөөгө керек ойшойт. Мен кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам керек», — деп жазган «24.kg» маалымат агенттиги Үсөновдун айткандарын.

Автор: Зарема Султанбекова