Кытай компаниясынын Кыргызстандын жолдоруна камераларды орнотуусуна тыюу салынды

doroga

Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол унаа жолуна видеокамераларды орнотуу боюнча тендер Ички иштер министрлиги тарабынан мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн — бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеме тендерде жеңген кытай компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылууда.

Ички иштер министрлиги менен «Beijing Construction Engineering Group International Co.LTD» компаниясы 2012-жылдын сентябрында 4 миллиард 500 миң сомго келишим түзүшкөн.

Ал келишимге ылайык, кытай компаниясы өз каражатына Бишкек менен Оштун көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол унаа жолуна аппаратураларды орнотушу керек болчу.

«Beijing Construction Engineering Group International Co.LTD» компаниясы өз чыгымдарын жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн салыктардын эсебинен толуктаары болжолдонуп жаткан.

«Республикалык бюджеттен айып пулдарды чыгаруу мамлекеттик органдардын гана иши», — деп каршы болду буга Башкы прокуратура.

Аны менен катар кытайлык компания 70 миллион сомго кепилдик камсыздоо бериши керек болгону менен берген эмес.
Өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органы келишимдин түзүлүшү мамлекетке зыян алып келбегендигин белгиледи.

Башкы прокуратура Кыргызстандын өкмөтүнөн кытайлык компания менен болгон келишимдин жокко чыгарылышын, ошондой эле буга күнөөлүү болгон чиновниктердин жазага тартылышын талап кылууда.

«Ишеним жараткан жок»

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде тендерден жеңип алган кытайлык компания башынан эле ишеним жаратпагандыгын айтты.

«Компания шек туудурчудай деле эмес, бирок аларга көп деле ишеним болгон эмес», — деди Осмонбаев.

Ал тендер өткөрүүдө ИИМ тарабынан мыйзам бузуулар болбогондугун айтты.

Басма сөз кызматтын өкүлү видеоаныктоочу камераларды азыр орноткон күндө деле Кыргызстанда алардын толук кандуу иштешине шарттар түзүлбөгөндүгүн белгилейт — айтымында, тиешелүү мыйзам чыгаруучу база жок.

Жол эрежесин бузган адам белгиленгенден кийин анын аты-жөнү унаасынын номуру аркылуу аныкталып, андан соң айып жазылып берилиши божомолдонуп аткан.

Азырынча ИИМ дагы бир тендер өткөрөбү жокпу белгисиз.

«Коопсуз шаар»

«Коопсуз шаар» долбоору Мамлекеттик автоинспекциядагы коррупция менен күрөшүүнүн ыкмасы катары иштелип чыккан — бул үчүн батыш өлкөлөрүнүн мисалында көчөлөргө видео жана фотоаныктагыч камераларды орнотуу, ошондой эле кылмыштарды эсепке алып, катоо үчүн бирдиктүү электрондук борбор түзүү чечими кабыл алынган.

Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча мурунку вице-премьер-министр Шамиль Атаханов үстүбүздөгү жылдын март айында «Коопсуз шаар» долбоору ушул жылы иштеп баштай турганын билдирген.

Анда Атаханов «Beijing Construction Engineering Group International Co.LTD» компаниясынын иш тажрыйбасы өтө аз жана каржы базасы жоктугун айткан.

«Келишим 85 миллион АКШ долларына түзүлгөн, эч ким техникалык-экономикалык текшерүү жүргүзгөн жок. Долбоор үчүн насыя алып, аны бөлүшүп алууну каалашкан, бул өлкөнүн кызыкчылыгына дал келбеген окуя мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу менен болгон. ТИМ менен Адилет министрлигинде экспертиза болгон эмес», — деп белгилеген ал.

Автор: Зарема Султанбекова