Унаа кырсыгынан депутат Нарматованын уулу каза болду

dorogaпп

Депутат Надира Нарматованын уулу Мээримбек Нурдинов 21-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан каза болду.  Жалпысынан унаа кырсыгынын жыйынтыгында үч киши каза болуп, дагы экөө жарат алышкан.

Нурдиновдун башкаруусундагы мамлекеттик 0032 KG номурлуу «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа менен «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 21-июль күнү күндүз Ош облусунун Токтогул районундагы Чычкан капчыгайынан алыс эмес жерден сүзүшүшкөн.

Нарматованын уулу менен «Вольвону» башкарып бара жаткан айдоочу Медербек Шакиевдер окуя болгон жерде эле көз жумушкан.

Кырсыктын дагы бир катышуучусу Мээрим Токторбекова ооруканадан каза болду, деп жазган «Кабар» маалымат агенттиги.

Унаа кырсыгынын жыйынтыгында дагы эки адам жарат алышкан:

  • Кызбурак Гаипкулова, 1989-жылы туулган
  • Дильяна Жунусова, 1995-жылы туулган.

Кырсык фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 281чи — «Жол кыймылынын эрежесин жана транспорт каражатын пайдалануу эрежесин бузуу» боюнча кылмыш иши козголду.

Азырынча окуянын жоо-айы менен кырсыкка кимдин күнөлүү экендиги белгисиз.

Кырсыктан кийин Мээримбек Нурдиновдун «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасында кайрат айтуу билдирүүлөр жазыла баштады.

«Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Аллах бейиштен орун берсин…Кош бол, биз сени унутпайбыз», — деп жазган Наргиза Алымкулова деген колдонуучу.

«Сураныч, бул чын эмес дегилечи», — деп, Алия Дж аттуу колдонуучу Нарматованын уулунун каза болгондугуна ишенбей жатат.

Автор: Хлоя Гейне

Сүрөт Нурдиновдун баракчасынан алынды