Ала качуу боюнча кризистик борбого кайрылган кыздар өз укуктарын толук коргой алышпаганын, өӊчөйү укуктарын билбестигин айтат бейөкмөтчүлөр.
«Анткен менен, кыз өзү макул болуп ала качууга жол берген учурлар эл ичинде болуп жатат”,- дейт Дарийка Асылбекова.
Айперини тааныбаган балага ала качып барышкан. Аны үйгө мажбурлап алып кирип жатышканда башы эшиктин кырына тийип, ошол жерде эсин жоготкон. Ата –энеси калтырбай алып келе беришкен. Ошол окуядан кийин Айперинин башы тез-тез ооруй баштаган. Дарыгерлер да Айперинин башынан катуу жараат алганын тастыкташкан. Айпери өзүнүн азыркы абалы жөнүндө мындай дейт:
“Менин башымдын оорусу тез- тез каттуу кармап калат. Жанымда сөзсүз дары алып жүрөм. Бирөөдөн катуу сөз уксам да башым ооруйт. “Кыз баланы ала качат” деген атамдын сөзү менен мени ала качкандарды соттко деле бербедик. Ал убакта минтип башымдын тез-тез ооруп калаарын билген эмесмин да”,- дейт Айпери.
Ал эми Аселди (аты өзгөртүлдү ) ала качып баргандан 4 күндөн кийин кайра келе берген.
”Ал аяш атамдын баласы эле. Өзүмүн сүйлөшкөн жигитим да бар болчу. Келгенимден кийин “бизди уят кылдың” деп апамдан да таяк жедим. Жашай бербептирмин деп да өкүндүм кийин. Аяш атамдын баласы болгондуктан, атам аларды сотко бербеди. Кризисттик борборго кайрылбадым, себеби андай борборлодун бар экенин билген эмесмин. Ал бала башкага үйлөндү. Менин жашоом мындан ары кандай болорун элестете да албайм”,- дейт ал ыйлап.
Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекованын айтымында ала качуудан сөзсүз түрдө кыз тарап жабыркайт.
“Кыздар ар түрдү фактылар менен бизге кайрылышат. Өкүнүчтүүсү - кызды ала качып барып, өз ара сүйлөшүлүп бүткөндөн кийин далилденгенге фактылар аз болуп калганда бизге кайрылышат. Ошондон улам бизге алар менен иштөөдө бир аз кыйынчылык жаратат. Кайрылган кыздар өз укуктарын толук коргой алышпайт, укуктарын билбегендери да бар арасында. Кыздар психиологиялык, физикалык, укуктук жактан да жабыр тартат. Анткен менен, кыз өзү макул болуп ала качууга жол берген учурлар эл ичинде болуп жатат”,- дейт Дарийка Асылбекова.
Психологдордун айтымында борборго кайрылгандар моралдык жактан басмырланып, айрымдары дене бою көк-ала болуп барышат.
“Борборлорго кайрылган кыздар стресске түшүп, жашоодо максатыз болуп калышат. Өз өмүрүн кыйганга аракет жасаган фактылар да кездешет”,- дейт “Ак жүрөк” кризисттик борборунун психологу Гүлнара Онкошова.
Ал эми укук коргоо органдары ала качуу мыйзам боюнча кылмыш болуп эсептелерин, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын белгилейт.
“Кыз ала качуу - Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинде “адам уурдо” беренеси менен кылмыш деп эсептелет. Кыздын макулдугусуз ала качкан тарапка мыйзамда 3 жылдан 7 жылга чейин жаза каралат. Топ балдар ала качса - бул уюшулган кылмыш катары эсептелет. Бирок, бул жөрөлгө кыргыз элинде салт катары калыптанып калган. Укук коргоо органдары тарабынан ала качуу кылмыш экенин элге түшүндүрүү максатында жер-жерлерде айылдык аксакалдар кеңеши, аялдар комитети жана аймактык тескөөчүлөрдүн катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Биз мектепттерге барып, окууну аяктап жаткан кыздарга бул жөнүндө түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз . Себеби, мектепти аяктаган кыздарды ала качуу фактылары катталган. Эгер ала качуугу кабылган кыздар бизге кайрылышса, биз милдетүү түрдө алардын укугун мыйзамдын негизинде коргойбуз”,- дейт Кара-Суу райондук ИИБнын Мады айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы майор Курсан Мурзаматов.
“Кризисттик борборлорго бир айда 2-3 кыз ала качуу маселеси менен кайрылат. Ала качуудан 100% аял киши жабыркайт,- деди “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова. - Мыйзам катаалдашкандан кийин ала качуулардын саны азайгандыгы байкалды. Бирок, жең ичинен сүйлөшүлүп ала качуулар болуп жатат”,- деди бейөкмөтчү.
2012-жылдын 20-декабрында КР Президенти Алмазбек Атамбаев аялдын эркинен сырткары никеге турууга мажбурлоо менен ала качууга жазанын минималдуу мөөнөтү 3-5 жылга эркинен ажыратуу, максималдуусун 7-10 жылга чейин көбөйтүү мыйзамын колдоп, кол койгон.
Автор: Гүлзада Тешебаева
Редактор: Гүлзат Газиева.