Бишкек: Тез жардам унаасы жеңил унаа менен сүзүштү, жараат алгандар бар

18-август күнү жеке медициналык тез жардам кызматынын унаасы Бишкектин борборунда жеңил унаа менен сүзүштү. Кырсыктан улам жараат алгандар болду, алардын бирижеңил унаанын жүргүнчүсү болжолдуу маалыматтар боюнча оор абалда.

Kloop.kgнин журналисти Жыргал Таалайбеков тарабынан окуя болоору менен дароо тартылган видео:

http://www.youtube.com/watch?v=t5TJDnnQpsU

Автомашиналардын талкаланганына караганда, тез жардам унаасы «Мазда» үлгүсүндөгү жеңил унаанын капталына сүзүлгөн.

Соккудан улам тез жардам кызматынын унаасы капталына кулаган. Жеңил унаанын айдоочусу Kloop.kgнин кабарчысына берген маегинде тез жардам унаасы светофор кызыл күйүп турган маалда өтө жогорку ылдамдыкта өтүп бара жатканын айтты.

«Анын мигалкасынын үнү угулган эмес, өтө эле акырын болчу», — деди «Мазданын» айдоочусу.

Анын бул айткандары азырынча башка булактар менен ырастала элек.

P1040414

Айдоочуну кошкондо жеңил унаада эң аз дегенде эки адам бар болгон. Анын жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди, кырсык болгон жердеги дарыгерлер билдиришкендей, анын абалын «оор» деп бааланууда.

Дарыгерлер жараат алган адамды ооруканага алып кетип жатышат. Сүрөттүн автору: Жыргал Таалайбеков
Дарыгерлер жараат алган адамды ооруканага алып кетип жатышат. Сүрөттүн автору: Жыргал Таалайбеков

Жеңил унаада атасы менен уулу бар болгон — уулу унааны башкарып, атасын «Манас» аэропортунан алып келе жаткан.

P1040414

Кырсык болгон маалда тез жардам унаасында оорулуулар болгон эмес, ал чакыруу менен бара жаткан. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, тез жардам кызматынын дарыгерлери жеңил жарааттарды алышкан.

Унаа 139 жеке тез жардам кызматына таандык болгон.

Kloop.kgнин кабарчысы сүйлөшкөн Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери азырынча кырсыктын келип чыгышына кимдин күнөөлүү экендиги аныктала электигин айтышты.

Тез жардам унаасындагы даарыгер, кырсыктан кийин. Сүрөттүн автору: Жыргал Таалайбеков
Тез жардам унаасындагы даарыгер, кырсыктан кийин. Сүрөттүн автору: Жыргал Таалайбеков

Жол коопсуздук эрежелерине ылайык, тез жардам унаалары жол кыймылынын башка катышуучуларына караганда бир катар артыкчылыктарга ээ.

Бирок ошондой эле эрежеде артыкчылык катары — мисалы, светофордун кызыл белгиси күйүп турган маалда — «башка унаалардын жол бошотуп берип жаткандыктарына ынангандан кийин гана» өтө алышат, деп жазылган.

Авторлор: Бектур Искендер жана Жыргал Таалайбеков