УКМК оппозициянын планын «жарандардын сактыгы» үчүн тараткан

УКМКдан бийликти кулатуу боюнча оппозициянын планы жөнүндөгү видео «республика жарандарынын сактыгы» үчүн жарыялангандыгын айтып, түшүндүрүштү.

УКМКнын журналисттерге тараткан пресс-релизинде өзүн оппозиционер атаган Эрланбек Өмүралиев аларга арыз менен 26-август күнү кайрылгандыгы жазылган.

Ал анда оппозиция тарабынан Кыргызстандын түндүгүндө жолдорду тосуу жана Нарын дарыясын ционид менен уулантуу боюнча акциялар пландалып жатканын билдирген.

Өмүралиевдин арызынын көчүрмөсү:

IMG_0625

УКМКнын пресс-релизинде оппозиция өкүлүнүн кайрылуусу жазуу түрүндө болгону гана жазылган, а Өмүралиев менен болгон маектин видеого тартылгандыгы жөнүндо эч нерсе айтылган эмес.

Бирок Kloop.kgнин редакциясы түшүнгөндөй, атайын кызматтагылар УКМК кызматкерлери менен Өмүралиевдин сүйлөшүүсү тартылган видеонун 2-сентабрда таратылышынын артында тургандыктарын четке кагышпай эле.

УКМК Өмүралиевдин сүйлөшүүсү жөнүңдөгү маалыматтын ачыкталышын «жарандардын сактыгы» менен түшүндүрүүдө.

«Билдирүүдө коомдук жана экологиялык коопсуздуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон маалыматтар көрсөтүлгөндүктөн республика жарандарынын сактыгы үчүн УКМК Өмүралиевдин кайрылуусун жарыялоо чечимине келген», — деп жазылган атайын кызматтагылардын пресс-релизинде.

Азырынча кылмыш иши козголо элек

Атайын кызматтагылар тараткан билдирүүгө ылайык, учурда видеодо Өмүралиев тарабынан айтылган фактыларды тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин комплекстүү чаралары жүрүп жатат.

Азырынча видео тасмада айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголо элек.

Буга чейин «Ата-Журт» партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров тасмада айтылгандарга тиешеси бардыгын четке каккан болчу.

Жарыяланган видеодо башка саясатчыларга караганда аты-жөнү көбүрөөк айтылган Жапаров Kloop.kgге берген маегинде тасманы УКМКнын «фантазиясы» деп атап, Өмүралиев менен жакында эле таанышканын билдирген.

Видеодо аты аталган оппозиционерлердин бири — мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бүгүн УКМКга суракка чакырылды.

Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев