УКМК: Муфтияттын эсептеринин биринин камакка алынышы быйылкы ажылык сапарга таасирин тийгизбейт

Атайын кызматтагылар Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгына таандык «Ажылык» фондусунун эсебинин камакка алынышы 2013-жылкы ажылык сапарды уюштурууга таасирин тийгизбестигин билдирди. Алардын айтымдарында, ажылыкка акча бөлүп берүү үчүн муфтияттын дагы бир нече эсеби бар.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы муфтияттын эсептеринин биринин камакка алынышы зыяратчылардын каражаттарын башкарууга таасирин тийгизбестигин билдирди.

«Эсептерден акча каражатын алуу, которуу жана толуктоо кадимки режимде эле жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы менен 2013-жылкы ажылыкты уюштуруу жана өткөрүү боюнча штабдын жооптуу кызматкерлерине кабарланган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде 2013-жылкы ажылыкка каражаттар башка эсептер аркылуу берилээрин айтты.

«Ал эсеп тоңдурулган, ал ансыз деле берилип жаткан акчаларды берүүгө эч кандай таасирин тийгизбейт. Эсептеринин биринин тоңдурулганы Мусулмандар дин башкармалыгынын ишине да тоскоолдук кылбайт. Акчалар мурункудай эле берилет», — деп ишендирди ал.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн муфтият жеткиликсиз болууда.

«Ажылык» фондусунун эсеби атайын кызматтагылар тарабынан 2012-жылы тоңдурулган болчу, анда УКМК Мусулмандар дин башкармалыгынын жоопту кызматкерлеринин салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

УКМКнын маалыматы боюнча, муфтияттын кызматкерлери мамлекеттин казынасына 10,5 млн сомдон ашык каражат төлөшкөн эмес.

«Ал сыйлык катары алынган өтө ири көлөмдөгү каражат — пенсияларды, жөлөк пулдарды төлөө, балдар жана карылар үйлөрүн кармап турууга өтө керектүү болгон каражат», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ажылык — Мекке шаарына барып зыярат кылып келүүгө байланышкан сапар. 2012-жылы ажылыкка 4 миңдей кыргызстандык барып келген.

Автор: Александра Ли