Ош шаарындагы Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун артындагы жеке менчикке өткөн жер тилкесине 7 кабат мейманкана курулуу мерчеми белгилүү болду. Борбордун эмгек жамааты жана дарыланган балдардын ата-энелери курулушка каршы болуп, анын мыйзамдуулугун билүү үчүн бир катар мамлекеттик органдарга кайрылуу кат жолдошту. Муниципалдык менчик башкармалыгы эски документтерди көтөрүү менен алек. Бул арада, жеке менчик ээлери жерди кайра сатыкка коюу ниетинде.
«Майып балдардын «чегин» талашпагыла!»,- дейт энелер
Розагүл Зулпуева Оштогу Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна баласын ар үч ай сайын алып келип дарылатат. Жакындан тарта уулу Арген басууга аракет көрүп калганын айтып кубанычта. Анткен менен, реабилитациялык борбордун артына 7 кабат мейманкана курула турганын угуп, тынчсызданып жатканын билдирди:
«Биздин балдарыбыздын иммунитети ансыз да начар. Эгер бул жерге мейманкана курулса, автоунаалар көп токтойт. Таштандылар көп чыгарылат. Түнкүсүн да тынч болбойт. Ошон үчүн балдарыбызга зыяны тийбей койбойт.
Бул борборго Ош гана эмес, Жалал-Абад жана Баткен облусунан да майыптыгы бар балдарды алып келип дарылатышат. Бишкекке алып барууга чамабыз жок»,- дейт Розагүл.
Шахноза Абдрахимова буту баспаган кызы Ракияны 6 жылдан бери ушул борбордо дарылатат. Эми гана өз алдынча басуу аракетин көрүп калган кызын сөйөп жетелеп, борбордун айланасында сейилдеп жүрүшүптүр.
«Бир топ жылдан бери борбордун аянты тарып эле баратат. Алдында тиги курулуш түшүп жатат. Эми артына болсо мейманкана курулат экен. Балдар үчүн аянтча жок. Тиги кум дөбөдөн бөлөк балдар ойной турган жай жок мында»,- дейт Шахноза.
Ал эми Гүлмира Матиева Ош шаарында жашагандыктан көп каражат коротпой, майыптыгы менен төрөлгөн баласын мында укалоо, физдарылоо менен дарылатып, жылыш болуп жатканын айтат. Борбор бир нече жолу башка имараттарга жылдырылып, мындайда ата-энелер үчүн түйшүк жараларын билдирет:
«Буга чейин борбор бир нече жолу башка имараттарга орун которгон. Эми минтип, бул жерде айлана-тегереги улам сатылып, борбор биротоло жок болуп кетсе, бизге окшогон ата-энелер кантебиз? Биздин көйгөйүбүздү узак жылдар бою дарылатууга муктаж биздей майып баласы барлар гана жакшы түшүнөт»,- дейт Гүлмира айым.
Сауна ордуна 7 кабат мейманкана
Мейманкана курулчу жай мурда сауна болуп турган. Кийин дубалы бузулуп, жер тилкеси менен 2005-жылы жеке менчикке сатылып кеткенин айтат борбордун директору Суусар Сагымбаева. Айтымында, реабилитациялык борбордун 2 бөлмөсү да ошол саунага кошо сатылган. Ал эми жер тилкесинин аянты тосмодон ашыра эсептелген.
«Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун артындагы бузулган саунанын ордуна жети кабат мейманкана куруу үчүн жакында белгисиз адамдар келип, чеке-белин ченеп башташты. Курулуш боюнча эсеп-кысап долбоору, документтеринин даяр экендигин айтышты. Эгер бул жайга жети кабат мейманкана курулса, биздин имарат күндөн тосулуп, көлөкөдө калат. Мейманкана курулушуна каршыбыз. Бул ноокас балдарыбызга зыян. Эгер медициналык борбор курулса, каршылык кылбайт элек. Реабилитациялык борборду айланып баса турган жай калбай калды»,- дейт Сагымбаева.
Бул борбордо дарыланган балдардын ата-энелеринин «Кол табы» коомдук уюму бул курулуштун канчалык мыйзамдуу экенин териштирүүнү эп көргөн. Алар борборду жана анын аянтын сактап калуу суранычы менен Ош шаардык мэриясына, шаардык прокуратура, архитектура, муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылуу кат жазышкан.
«Реабилитациялык борбордун так чеги али аныкталган эмес. Ошон үчүн кызыл китебин ала албай жүрөбүз. Бул мекеме муниципалдык ишкана болгондуктан, Муниципалдык менчик башкармасы коргойт деген үмүтүбүз бар»,- дейт борбордун директору Суусар Сагымбаева.
Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору 1990-жылдан баштап иштейт. 70 балага ылайыкталган. Анда курч оорулардан толук айыга элек, тубаса жана өнөкөт ооруга чалдыккан жана майып балдар дарыланат. Борборго Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун аймактарынан келишет.
Жерди ижарага берүү же жеке менчикке сатуу шарттары
Бул жөнүндө Оштогу Муниципалдык менчик башкармасынын башчысынын орунбасары Абдумуталип Калбеков айтып берди:
«Муниципалдык менчик башкармалыгы шаардагы муниципалдык жерлердин ээси. Ошол жерлердин өз максатында иштетилип жатабы-жокпу, ошону көзөмөлдөйт. Бизге кайрылгандардын арыздарынын негизинде архитектурага кат жөнөтөбүз, 580-токтомдун негизинде план-схема даярдап бергиле деп. Юридикалык жана жеке тараптар сураган жай шаардын баш планына туура келбесе, ал жерден коомуникация же канализация тутумдары өткөн болсо, санитардык-корук жерлер болсо Архитектура ошол тоскоолдуктарды көрсөтүп, каршы болот. Эгерде жерди убактылуу ижарага же жеке менчикке берүүгө болот деп корутунду чыгарса, Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык жерлерди бөлүштүрүү жана кароо боюнча комиссиянын кароосуна коебуз. Комиссия мүчөлөрү иликтеп чыгат. Анан мэриянын ошого тиешелүү токтому чыгат»,-деди А.Калбеков.
«Талаш жараткан жер Ош мэриясынын чечими менен сатылган»
Бейрасмий маалыматтар боюнча талаш жараткан жай 2005-жылдын 30-декабрында жеке менчикке өткөн. Реабилитациялык борбордун 2 бөлмөсү, бузулган сауна жер тилкеси менен колдон-колго өтүп сатылган. Менчик ээлери - Хаятилло Мадаминов, Фасилжан Карабаев болгон. Кийин Айбек Жолдошев сатып алган.
Жердин учурдагы ээси делген Айбек Жолдошев менен байланышканыбызда, ал бул тилкени 1 жыл мурда сатып алганын жана 1-2 ай мурда кайра сатып жибергенин маалымдады. Ал кайсы компанияга соодаланганын ачыктаган жок. Ошондой эле, жер тилкесин сатып алган компания Жалпыга маалымдоо каражатына маалымат берүүдөн баш тартканын билдирди.
«7 кабат мейманкана куруу долбоору анык. Бирок, азыр проект Бишкекте. Менден сатып алган компания жерди дагы сатуу ниетинде экенин билдирди»,- деди жердин мурдагы ээси Айбек Жолдошев.
Ош мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик башкармасы талаш жараткан бул маселе боюнча инвентаризация кылып, тактап жаткандыгын маалымдады. Анткен менен, Реабилитациялык борбордун артындагы жер 2005-2006-жылы Ош шаардык мэриясынын чечими менен сатылганын да белгиледи.
«Бизге түшкөн арыз боюнча карап, мамкаттоо башкармалыгына кат жөнөттүк. Убагында комиссия кандай чечкен, протоколду карап чыгуу керек. Архивдик материалдарды көтөрүп, токтомдо ал жайга эмне курууга уруксат берилген, ошону аныктап, тийиштүү кызматтарга жазып көрүшүбүз керек»,- деди Муниципалдык менчик башкармасынын башчысынын орун басары А.Калбеков.
Эгер курулуш Архитектура-курулуш көзөмөлдөө мамлекеттик башкармалыгынын (ГАСК) талаптарына дал келбесе, ГАСК курулушту токтотуу тууралуу табыштама берерин, бул аткарылбаса, тийиштүү укук коргоо органдары чара көрөрүн кошумчалады Калбеков.
«Азыр жеке менчик долбоордук ишканалар көп. Айрым бир адамдар аларга долбоор чийдирип, шаар куруу башкармасынын кароосуна койбой туруп эле курулуш кургандар бар. Биз анын алдын алабыз. Биз бизнесмендердин эмес, жалпы элдин кызыкчлыгын коргойбуз»,- деди А.Калбеков.
Эксперт эмне дейт?
Жерге болгон укуктар боюнча эксперт, «ЛАРК Альянс» юридикалык агенттигинин юристи Акылбек Досалиевге kloop.kg бир катар суроо узатты.
kloop.kg: Муниципалдык мекемелердин жерлери жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен деген маалыматтар бар. Мыйзамсыз сатылган жер тилкелерин кайра кайтарып алуу жагы кандай ишке ашырылат?
Акылбек Досалиев: Мыйзамсыз берилген жерлер бар. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кайра кайтарылышы керек. Мындай тайжыйбалар бар.
Жерлер мамлекеттик, жеке, муниципалдык менчикте болот. Мамлекеттик менчикке карабаган, жеке менчикке берилбеген же мамлекеттик актысы жок бардык жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет. Бул КР Жер кодексинин 4-беренесинде көрсөтүлгөн.
Эгерде муниципалдык менчик мекеменин имаратына жер аянты кошо бекитилбеген болсо, анда, кандайдыр бир жаман ойлору бар жетекчилер келсе, ал жерди сатууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Себеби, муниципалдык жерлерди сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы “Калктуу конуштардагы жер участкаларын жеке менчикке жана ижарага акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндө типтүү жобосу бар. Бул мыйзам 2011-жылы жаңыдан өзгөртүлгөн. Ушул мыйзамдарга ылайык муниципалдык жана мамлекеттик менчикте турган жерлер менчикке жана убактылуу пайдаланууга берилет. Б.а. муниципалдык башкармалыктын аймагында турган бош жерлерди алар жеке менчикке сатууга укугу бар. Социалдык объектке караган жер деп айтыш үчүн, ошол жер имаратка карагандыгы тууралуу документ болушу керек.
kloop.kg: Маселен, Оштогу Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун айлана-тегереги сатылып кеткен. Бул муниципалдык ишкананын чеги так аныкталбагандыктан, борбор кызыл китебин ала албай жүрөт экен. Борбор жерге болгон укугун кантип коргой алат?
Акылбек Досалиев: Көп эле муниципалдык органдар сотко барганда утулуп кала берет. Себеби, сот ошол жерге тиешелүү экендигин күбөлөндүргөн документтерин талап кылат. Ал эми көп муниципалдык органдардын өздөрүнүн объектилерине тийиштүү документтери жок. Ошолорду изилдешпейт. Мисалы, объект курулардын алдында мурдагы бийлик органы тарабынан атайын токтомдор чыгат. “Курулуш үчүн паланча аянт жер тилкеси бөлүнүп берилсин” деген токтом чыгат. Ошол токтомдорду таап чыгыш керек.
Бизде Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо органы (Госрегистр) 1997-жылдан баштап эле ишин баштаган. Мурда САЗР болгон. Мындан сырткары Жер кодекси жаңы кирген. Башкача айтканда, мурдагы ыйгарым укук берген токтомдор азыркы Мамкаттоонун базасында жок. Ал үчүн ошол токтомдорду алып чыгып, Мамкаттоонун маалымат базасына киргизүү керек. Талаш болгон жердин чегин көрсөткөн, балким 70-80-жылдардагы болобу, токтомдордун негизинде деп каттатуу керек. Каттаткандан кийин ал социалдык объект болуп кала берет.
Муниципалдык башкармалыктын аткаруу органы, башкармалык өздөрүнө караган объектилерди такташы керек. Маселен, социалдык объектиге бөлүнүп берилген жерди аныктаган кандайдыр бир токтомду документтер сакталган облустук архивден таап, ошол документтердин негизинде сотко кайрылып, кийинки кабыл алынган документтерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.
Эл пикири
“Ош шаарындагы муниципалдык менчикке тиешелүү жер тилкелеринин жеке менчикке сатылышына кандай ойдосуз? Ошол сатылган жер тилкелери максаттуу пайдаланылып жатабы?” деген суроого жергиликтүү тургундар өз пикирлерин билдиришти.
Ош шаарынын тургуну Түмөнбай Колдошев:
Мен буга макул эмесмин. Балким, жеке менчикке өтүп кеткен жерлерге мамлекет кези келгенде зар болуп калышы мүмкүн. Жеке адамдар эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт. Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун алды-артын сатканы туура эмес болсо керек. Бир жагынан, каралбай жаткан жер делгени менен, ал жерлерге бак-дарак тигип, эс алууга шарттарды түзсө болмок.
Ош облусунун Алай районунун тургуну Апиза Сагынова:
- Азыр мамлекетке караганда жеке бизнесмендер чоң-чоң курулуштарды курууга даремети жетип калды. Эгер шаар ичинен сатып алган жерине ири имараттарды курса, мисалы, көп кабаттуу үйлөрдү, соода борборлорун ж.б. жакшы эле болмок. Анткен менен, каралбай турган канча жерлер бар. Элден угуп калабыз, ошол жерлер мыйзамсыз негизде жарыбаган эле акчага сатылып кеткенин. Акыры мамлекеттин жери түгөнүп бүтөт окшойт.
Ош шаарынын жашоочусу Жылдыз Бекбаева:
Шаардын борборунда, муниципалдык менчиктеги социалдык объектилердин, мектеп жана бала бакчаларынын айланасындагы жерлердин сатылышына каршымын. Ал жерлер муниципалдык менчикте калып, коомдук жерлерде шаардыктардын, коноктордун эс алуусуна шарттар түзүлүшү керек. Ош шаары ансыз деле тар. Мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди кайтарыш керек. Менин билишимче, Манас-Ата кичи шаарчасындагы сатылып кеткен балдар бакчасын шаар бийлиги соттошуп жүрүп кайтарып алды. Кайтарылган бакчанын имаратына талантту жаш жеткинчектер үчүн атайын музыкалык багыттагы балдар бакчасы ачылган.
Ош шаарынын тургуну Өмүрбек Жээнтаев:
- Негизи эле, мен жеке менчик турак жай курууга же башка ишкердикти жүргүзүү үчүн жер тилкелерин берүүгө каршымын. Сатылып же ижарага берилген жерлерден салык гана алынат. Салык менен эч качан мамлекеттин экономикасы өнүкпөйт. Муниципалык жерди сатпай туруп, мамлекет өндүрүштүк же маданий, билим берүү тармактарына керектүү болгон курулуштарды салса болмок. Эгерде ага дарамети жетпесе, узак убакытка ижарага берсе болмок. Азыр жеке менчик турак жай курууга жерлер берилип, мамлекеттин фондундагы жер түгөнүп баратат. Эбин тапкан эки жейт болуп, айрым адамдар эки-үч ирет жер тилкесин алып кайра сатып жатышат. Мисалы, Ак-Тилек жана ХБКдан Манастын эстелигине чейинки жер тилкелерин жеке менчикке бербей туруп, көп кабаттуу үйлөрдү куруп койсо, эл көп батмак жана шаардын көркү да чыкмак.
Гүлзат Газиева, Ош шаары
Сүрөттөр автордуку
Макала «Кабар Ордо» долбоорунун негизинде даярдалды