Атайын кызматтагылар тоотпой койгон үчүн УКМКнын алдындагы байкоочу кеңеш тарап жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш атайын кызматтагылар тарабынан алардын сунуштары менен эскертүүлөрү көңүлгө алынбай жаткандыктан тараганын билдирди. Учурда атайын кызматтын жетекчилиги аларды таратуу маселесин чечип жатат.

УКМКнын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш атайын кызматтагылар алардын сунуштарын эске албай жаткандыктан тарап аткандыгын билдирди.

«КРнын УКМКсынын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин иштеп турушунун маанисиз болуп калгандыгынан улам (биздин сунуштарыбыз менен эскертүүлөрүбүздүн эске алынбай, кайтарым байланыштын жоктугу, биз баш болгон жарандык коом менен диалогго баруу менен керексиз формализмдерди имитациялоо ж.б.) УКМКнын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш өз ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп жазылган байкоочу кеңештин пресс-релизинде.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Байкоочу кеңештин чечими кабыл алынган жыйынга катышпагандыктарын жана аларды таратуу жөнүндөгү маселени мекеме жетекчилиги чечип жатканын билдирди.

«Иштин жөнү мындай, алар өзүлөрү чогулуп, биздин катышуубуз жок эле тарап кетишкен. Алар тарагандыктары жөнүндө бизге кабар беришти [...] Бирок албетте, биздин да чечим болуш керек болчу, алар деген биздин алдыбызда да. Азыр жетекчиликтин чечимине байланыштуу болот. Кандай болсо да алардын тараганы жөнүндө кандайдыр бир расмий кагаз болушу керек», — деди УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү.

Атайын кызматтагылар Байкоочу кеңештин сунуштарын көңүлгө албай жаткандыктары жөнүндө айтылган дооматтар боюнча азырынча комментарий бербей эле.

«Биз азыр бул боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз. Азырынча жетекчилик чечип атат», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү.

УКМКнын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш 2011-жылдын май айынын соңунда негизделген. Ал өз ишин 2013-жылдын декабрында аякташы керек болчу.

Анын курамына 11 киши кирет:

  • Кайрат Осмоновиев — ТИМдин дипломатиялык академиясынын проректору.
  • Аркадий Гладилов — «polit.kg» сайтынан башкы редактору
  • Зоотбек Кадыралиев — Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы менен «Ачык бюджет үчүн альянс» аттуу юридикалык тараптардын биримдигинин талдоочусу
  • Дамир Курманов — убактылуу ишсиз
  • Гүлзат Шамсутдин — «Аймактык изилдөө институту» коомдук биримдигинин координатору
  • Сергей Сидоров — «Слово Кыргызстана» гезитинин журналисти
  • Рабийга Сыдыкова — «Акипресс» басма сөз борборунун жетекчиси
  • Болот Борболдоев — Психикалык саламаттык борборунун психиатор-дарыгери
  • Авас Ражапов — Медициналык академиянын ректоратынын каржы-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси
  • Эсен Усубалиев — «Разумные решения» аналитикалык борборунун директору
  • Усупбий Шеримбаев — убактылуу ишсиз.

Автор: Александра Ли