Баткен облусундагы үй-бүлө мүчөлөрүн атып кеттүүгө шектелгендер кармалышты

Милиция Баткен районунун Кара-Булак айылындагы үй-бүлөнү атып кетүүгө шектелген эки адамды кармады. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлтүрүлүшүнө карактоо себеп болушу мүмкүн.

Баткен облустук ИИБсинин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучусу Келдибек Мергенов Kloop.kgге берген маегинде Баткен облусундагы үй-бүлөнүн массалык өлтүрүлүшүнө шектелип эки адам кармалганын билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөнүн төрт мүчөсү кара ниеттер пландаган тоноо учурунда өлтүрүлгөн.

«Алардын бирин дароо эле Баткенден кармашты, а экинчиси кечээ кечинде Бишкекте кармалды — ал жашырынуу максатында Казакстанга же Россияга кетүүгө даярданып жаткан», — деди Мергенов.

Ал шектүү адамды Баткенге алып баруу үчүн ал жактан Бишкекке атайын топ жиберилгенин кошумчалады.

Милициянын версиясы боюнча, үй-бүлө мүчөлөрүнүн массалык өлтүрүлүшүнө карактоо себеп болгон болушу мүмкүн.

“Алар түрдүү үлгүдөгү 56 даана мобилдик телефон, 164 миң сомдой накталай акча каражатын, Samsung үлгүсүндөгү ноутбук уурдап кетишкен. Чыгып баратышып үй ээсинин “Тойота Хариер” унаасын айдап, кийинчерээк аны жолдо таштап коюшкан», — деди Мергенов.

Массалык өлтүрүү

Эралиевдердин алты кишиден турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн төртөөсү Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында өлтүрүлгөн болчу. Каза болгондордун ичинде бир жашаар бала бар болгон.

Милициянын болжолдуу маалыматы боюнча, Эралиевдин үй-бүлөсүнө кол салуу 5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү 00:00дөн 02:00гө чейинки аралыкта болгон.

Тоноочулар кичи калибрдүү ТОЗ-8 мылтыгы менен атышкан.

Шектелип жаткандарга карата «унаа каражатын уурдоо», «топ кишилерди өлтүрүү», «бөтөн адамдын мүлкүн уурдоо» жана «курал-жарак менен ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү» боюнча кылмыш иши козголду.

Ок атуудан аман калган үй ээси Тажыбай Эралиев учурда оор абалда — операция жасоо үчүн ал Бишкекке которулду.

Автор: Айкерим Молдалиева