Кыргызстандын өкмөтү «Кумтөр» алтын кени боюнча канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен макулдашууга жетишти. Жаңы макулдашууга ылайык, Кыргызстан жаңы биргелешкен ишкананын акцияларынын 50 пайызына ээ болот.
Өкмөт буга чейин Кыргызстанга тиешелүү болгон «Центерранын» акцияларынын 32,7 пайызынын ордуна жаңы түзүлгөн «Кумтөр» биргелешкен ишканасынын акцияларынын 50 пайызына ээ болот.
Өкмөттүн планына ылайык, компаниянын түзүмүнүн өзгөртүлүшү – кендеги алтын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен «Кумтөрдөн» Кыргызстанга түшө турган кирешени 84 пайызга жогорулатат.
«Акыркы макулдашууларга кол коюуга чейин анын бир катар урунтуу учурларын иштеп чыгуу зарыл экенин моюнга алабыз, бирок бүгүнкү күнгө карата жетишилген макулдашуулар учурдагы көйгөйлөрдү чечкени турат», — деп билдирди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.
Жаңы компаниянын директорлор кеңешинде кыргыз тараптын да, канадалык «Центерра» тараптын да өкүлдөрүнүн саны тең болот. Кеңештин төрагасы Кыргызстандын өкүлү, а анын орун басары — канадалык компания тараптын өкүлү болот.
Макулдашууга чейин «Кумтөрдүн» жетекчилиги «Центеранын» гана өкүлдөрүнөн турган. Кол коюлган меморандумга ылайык, алтын казуу боюнча ыкчам маалыматтар үчүн буга чейинкидей эле «Центерра» жооптуу болот.
«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр
Бул макулдашуу «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүнө каршы 2012-жылы башталган бир нече жолку нааразычылык акцияларынын жыйынтыгы болуп калды.
Анда «Ата-Журт» фракциясынан депутат Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия компаниянын Макмал кениндеги ишинде бир катар экологиялык нормалардын бузуп жаткандыгын аныктап чыккан болчу.
Болжол менен ошол эле маалда канадалыктар менен түзүлгөн бардык келишимдердин жокко чыгарылышын жана кендин толугу менен улутташтырылышын талап кылган оппозициянын нааразычылык акциялары башталган.
Жогорку Кеңеш 2013-жылдын жаз айларында «Центерра Голд» компаниясы менен болгон макулдашууларды кайрадан карап чыгып, ал боюнча үч айдын аралыгында сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу токтом чыгарган. Кийинчерээк бул мөөнөт өкмөттүк чиновниктердин өтүнүчү менен дагы узартылган.
2013-жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык башаламандык башталган, алар «Кумтөрдүн» улутташтырылышын талап кылышып, кенди бир нече саатка электр жарыгысыз калтырышкан болчу. Андагы абал качан кыргыз бийлиги менен аскер кызматкерлери кийлигишкенден кийин гана жөнгө салынган.
Автор: Хлоя Гейне