Бишкектиктер Чодроновага карата белгиленген айып пулдун өлчөмүнө нааразы болуп жатышат

Интернет колдонуучулар милиция куугунунан кутулууга аракет кылып, тескөөчүлөрдү ИИМдеги байланыштары менен коркуткан Бишкектин жашоочусу Назгүл Чодроновага жаза катары 1000 сомдук айып пулдун белгиленишине нааразы болуп жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда светофор кызыл күйүп турган маалда өтүп кеткен, жөө адамды сүзүп кетүүгө аз калган жана милиция куугунунан качып кутулууга аракет кылган Чодронованын айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбагандыгы бишкектиктердин арасында өзгөчө нааразычылыктарды жаратты.

Жол коопсуздук эрежелеринин сакталышы үчүн күрөш жүргүзүп келген активист Айбек Баратов Kloop.kgге берген маегинде бийликтин бул чечими менен макул эместигин билдирди — анын пикиринде, мындай тартип бузуусу үчүн ал бир нече жылга айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылышы керек болчу.

«Бул өтө чоң резонанс жараткан. Башка айдоочулардын мындайга барбашы үчүн ал үлгү көрсөтө тургандай жаза болушу керек болчу», — деди ал.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Елена Аильчиева Kloop.kgге берген маегинде Чодроновага карата эмнеге 1000 сомдук айып пул жазасы белгиленгендигин түшүндүрдү — анын айтымында, жаза бузулган эрежелердин эң олуттуусу боюнча аныкталып, белгиленет.

«Эң катаал жоопкерчилик чарасы — бул кызматтык милдеттерин аткаруу маалында ички иштер органынын кызматкерлерине баш ийбөө. А анын эң одоно эреже бузуусу дал ушул болгондугун эске алуу менен ага эң жогорку жоопкерчилик чарасы белгиленген, тактап айтканда, административдик чара — ал 1000 сомдук айып пул», — деп түшүндүрдү Аильчиева.

Бирок, мисалы «Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары бул чечимге кыжырданып жатышат:

«Кандайча 1000 сом??? Баш ийбөө, каршылаш тилкеге чыгуу жана башка эреже бузуулар. Анан ушунун баары үчүн болгону 1000 сомбу?» — деп нааразычылыгын билдирген AZARXAH аттуу колдонуучу.

Анын пикири менен Планета 51 деген колдонуучу макул:

«Мына, эми болгону 1000 сомго гана эмне кааласаң ошону жасап, анан чондроновалардын синдромуна таянсаң болот. Ага уруксат а бизге уруксат эмеспи?!!! Ооба… биздин сот дүйнөдөгү эң гумандуу сот! А негизинен мыйзам боюнча аны эң аз дегенде бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, ошондой эле кызматтагы милиция кызматкерлерине баш ийбөө жана кемсинтүү кылмыш беренесин колдонуу керек болчу», — деп жазган ал.

Ушундай эле пикирди Иванов аттуу колдонуучу да карманат:

«Үлгү иш түзүлдү. Эми баалар белгилүү, кандай гана окуя болбосун 1000 сом. Мындай «катуу» жазадан айдоочулардын көпчүлүгү коркпойт деп ойлойм», — деген пикирде ал.

Чуулуу тасма

Чодронова сентябрдын башында, анын катышуусундагы милиция куугуну тартылган видео «Намба» видеосервисинде пайда болгондон кийин кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында “атак-даңкка” ээ болгон.

Алгач Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү аны коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу алардын талаптарын тоотпой койгон соң артынан кууп жөнөшкөн.

Куугун маалында Чодронова эң аз дегенде эки жолу каршылаш тилкеге чыга калып, Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде жөө адамдар өтчү жер аркылуу жолду кыскартып өтүп бир нече жолу жол эрежесин бузган.

Милиционерлер аны Жаш Гвардия гүлбагындагы короолордун бирине барып токтогондо гана кубалап жетишкен.
Чодронованын унаасынын номурун чечип алышкан соң ал ички иштер министри Абдылда Суранчиев тууганы болоорун айтып, ошондой эле Бишкек ШИИБсинин башчысы Мелис Турганбаев менен тааныш экенин билдирип Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүн коркуткан.

Видеотасма тартылгандан эки ай өткөндөн кийин гана жарыяланган.

Бул убакыттын ичинде Оторов аттуу кызматкердин буйругу менен Чодроновага унаа номери кайтарылып берилген.

Сентябрдын башында, видео интернетке жарыялангандан кийин Оторов кызматынан алынды.

Автор: Кубан Макешов