УКМК экс-министр Сабировдун жардамчысына басым жасагандыгы жөнүндөгү маалыматты четке кагууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жетекчиси үчүн пара талап кылууга күнөлүү деп табылган мурунку социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы Тахир Мирзахмедовго карата басым жасагандыктары жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Соттолгон мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов соттун өкүмүнөн кийин атайын кызматтагылар Мирзахмедовго басым жасоо үчүн аны атайын эле өздөрүнүн тергөө абагында бир нече ай кармашкан деп шектенүүдө.

Жактоочунун айтымында, Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын мартындагы өкүмүнөн кийин Мирзахмедовду атайын кызматтагылардын тергөө абагына эмес, алгач №1 тергөө абакка, андан соң колонияга которуулары керек болчу.

«Бул анын ар дайым атайын кызматтагылардын басымы алдында болгондугун жана УКМКнын кызматкерлери айткан нерселердин бардыгын аткарып келгендигин көрсөтүп турат. Анын Сабировго жалаа жапкандыгы УКМКнын кызматкерлеринин кылганы», — деп эсептейт Айткулов.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде мурунку социалдык өнүктүрүү министринин жактоочусу билдиргендей Мирзахмедовго эч кандай басым жасоолор болбогондугун айтты.

«Кайдагы басым жасоо? Ага эч ким басым жасаган эмес», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

УКМКнын кызматкери соттун өкүмүнөн кийин соттолгондордун мекеменин тергөө абагында камалуусунда «эч кандай деле адаттан тыш көрүнүш» жок экенин кошумчалады — айтымында, аны УКМКнын тергөө абагына которууну Мирзахмедов өзү өтүнгөн.

«Мирзахмедов өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздандыруу максатында УКМКнын тергөө абагында калтыруу жөнүндө арыз жазган. Ал биздин тергөө абагыбызда калышын зарыл деп эсептеген. Бардыгы мыйзамдын негизинде болгон», — деп түшүндүрдү ал.

Kloop.kgнин редакциясы Мирзахмедовдун чындыгында эле ошондой арыз жазган-жазбагандыгын билүү үчүн аны менен байланыша алган жок.

Лицензия берүү үчүн пара талап кылуу

Башкы прокуратура Сабиров менен анын жардамчысы Мирзахмедовго каршы 2012-жылдын июлунда кылмыш ишин козгогон.

Мирзахмедов бала асырап алуу менен алектенген эл аралык компанияга лицензия берүү үчүн параны өз жетекчиси үчүн талап кылганын мойнуна алган болчу. Анын дал ушул мойнуна алуусу кылмыш ишинин козголушуна түрткү болгон.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Жогорку сот мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду беш жылга, анын жардамчысы Тахир Мирзахмедовду үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Сот анда аларды бала асырап алуу укугун бере турган лицензия үчүн италиялык компаниядан пара талап кылууга күнөөлүү деп тапкан болчу.

Айыпталган экөө тең күнөөлөрүн моюндарына алышкан эмес.

Мирзахмедов УКМКнын тергөө абагынан үстүбүздөгү жылдын жай айларынын ортосунда, пара талап кылуу боюнча анын ишинде негизги күбө катары өтүп жаткан адам каза болгондон кийин мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Айыптоолордун негизги бөлүгү дал ошол күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде түзүлгөн болчу

Автор: Александра Ли