Видео: Крэйг Дэвид Бишкекте ырдады

Британдык ырчы жана диджей Крэйг Дэвид Кыргызстанда жалгыз концерти менен болду. Өзүнүн белгилүүлүгүнө карабастан ал жамгырлуу ишемби күнү кечинде Бишкектеги «Спартак» стадионун толтура күйөрмандарын жыйнай алган жок.

«7 Days» ырынан үзүндү, Крэйг Дэвид, Бишкек, 14-сентябрь, 2013-жыл:

Дэвид Бишкекте 14-сентябрь күнү, Кыргызстанда үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан «Мен бийчи» фестивалынын алкагында ырдады.

Ал тарыхта биздин өлкөдө ырдаган эң беделдүү музыка аткаруучусу болуп калды.

Дэвиддин эсебинде — АКШ менен Улуу Британиянын хит-параддарынын алдыңкы ондугуна чейин жеткен хит ырлар бар.

«Бул жерде сонун, мени кабыл алганыңар үчүн рахмат, бишкектиктер», — деди Крэйг Дэвид сахнага чыгып жатып. Андан соң өзүнүн эң белгилүү «7 Days» деген хит ырын ырдап баштады.

 Крэйг Дэвид Бишкекте. Сүрөттүн автору: Нурмухаммед Атамбаев

Крэйг Дэвид Бишкекте. Сүрөттүн автору: Нурмухаммед Атамбаев

«Мен бийчи» фестивалынын программасы Дэвиддин аткаруусундагы ырлар менен аяктады.

Ал болжол менен 23:00дордо ырдап баштады. «Клооптун» кабарчылары билдиришкендей, Дэвиддин популярдуулугуна карабастан ал ырдап баштаганда «Спартак» стадионундагы орундардын жарымынан бир аз гана көбү толуп турду.

Орундардын ыңгайлуулугуна жараша фестивалга билеттер 450 сомдон 5000 сомго чейин сатылды.

Негизинен бийге арналган фестивалдын биринчи бөлүгүндө стадиондо көрүүчүлөрдүн саны азыраак болду.

Kloop.kgнин кабарчылары билдиргендей, Крэйг Дэвиддин ырдаарына аз калганда «Спартактын» кире беришинде артып калган билеттер бир топ эле төмөнкү баада — 100 сомдон 250 сомго чейин сатыла баштаган. Бул британ жылдызы сахнага чыкканга чейин анын аудиториясын кыйла эле көбөйтүп койду.

«Мен бийчи» фестивалынын уюштуруучусу Атай Өмүрзаков менен кыргыз калпагын кийген Крэйг Дэвид. Сүрөттүн автору: Нурмухаммед Атамбаев
«Мен бийчи» фестивалынын уюштуруучусу Атай Өмүрзаков менен кыргыз калпагын кийген Крэйг Дэвид. Сүрөттүн автору: Нурмухаммед Атамбаев

Дэвид болжол менен 40 мүнөттөй ырдады. Бул убакыттын аралыгында ал беш чыгармасын аткарды.

Аткарган чыгармаларынын арасында «7 Days» аттуу ыры болду — ал Дэвидге 2001-жылы укмуштуудай атак-даңк алып келген жана анын Billboard Hot 100 деген америкалык хит-параддын алгачкы ондугуна чейин көтөрүлгөн жалгыз ыры болуп саналат.

Бир кездерде чыгармачылыгы Атлантиданын эки тарабында тең өтө популярдуу болгон, эки жолу «Грэмми» сыйлыгын алган Крэйг Дэвиддин атак-даңкы акыркы жылдары бир топ эле төмөндөгөн.

Дэвиддин концертинде болуп кайткан британдык Вика Грэм фестивалдан кийин аралаш, кош сезимде калган, бул тууралуу ал өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазган.

«Прожекторлор Дэвид бош орундуктарды көрбөгөндөй өтө жарык болуп жаркырады деген үмүттөмүн», — деп жазып, «Ал өзүнүн мурунку атак-даңктуу убагына баргысы келип атканына ишенем», - деп кошумчалаган ал.

Кийинчерээк ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Дэвиддин чыгып ырдашы эң жакшы болгонун, бирок ал тандаган орун ыңгайсыз болуп калганын кошумчалады.

«Стадион өтө эле чоң болду, а ВИП-кое берүү жок болгондуктан сахнага жакын барып бийлөөгө мүмкүнчүлүк болгон жок», — деп даттанды ал.

Авторлор: Бектур Искендер, Нурмухаммед Атамбаев жана Нурия Рыскулова